Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институту түзүлөт. Максаты

© Sputnik / Жоомарт УраимовСаламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева
Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2023
Жазылуу
Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтун түзүү зарылдыгы тууралуу маалымат берди.
Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институту түзүлүүдө. Бул тууралуу Бүбүжан Арыкбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институту түзүлөт. Максаты
Анын айтымында, ага Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору, Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерге каршы күрөшүү жана ВИЧ инфекциясын көзөмөлдөө борбору өзүнүн структурасы менен кошулууда.
"Учурда Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтунун структурасы, штаты жана финансысы каралууда. Негизги максаты — илимий изилдөөнүн практикалык багытын күчөтүү. Союз тарагандан бери бул багыт аксап келүүдө. Ал эми илим өспөсө башка тармакта дагы жылыш болбойт. Учурда бир катар укуктук-нормативдик базалар өзгөртүлүүдө. Анын баарына илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы керек. Мунун баары жок болгондуктан Казакстан, Россия сыяктуу коңшу өлкөлөрдүн илимий институттарынын изилдөөлөрүнө көз каранды болуп калуудабыз. Ал эми бизде айрым жагдайлар айырмаланып турат. Мисалы, ошол эле климат жагынан. Ошондуктан бул багыттка өзгөчө басым жасалат. Мындан тышкары, тамак-аш боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштары бар. Аны аткаруу үчүн илимий изилдөөнүн натыйжасына таянуу зарыл. Жугуштуу эмес ооруга кирген жүрөк-кан тамыр, онкологиялык, кант диабети, өпкө оорулары эмнеден келип чыгып жатканы изилдениши керек. Алдыңкы орунга тамактануу чыгууда, тузду, кантты, трансмайларды колдонуунун кесепеттери аныкталышы шарт", — деди Арыкбаева.
Ошондой эле ал жугуштуу оорулар жаатында дагы көп нерсени изилдеп чыгуу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0