Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинанын "нагыз" чабуулунун соңу белгилүү. Ой толгоо

© AP Photo / Evgeniy MaloletkaУкраинанын аскер кызматкерлери Харьков облусунда америкалык M777 гаубицасын атууга даярданууда. Архив
Украинанын аскер кызматкерлери Харьков облусунда америкалык M777 гаубицасын атууга даярданууда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2023
Жазылуу
Батыш медиа айдыңы акыркы күндөрү өзүнчө эле шаң-салтанатты эске салууда. Мындай шаан-шөкөткө "Украина Куралдуу күчтөрүнүн ири контрчабуулу" себеп болгондой.
Кирилл Стрельников
Кирилл Стрельников Батыш басма сөзүн барактап чыгып, ой толгоосун РИА Новости сайтына жарыялаган.
Ири маалымат каражаттарындагы жарым бетти ээлеген аталыштарда Украина жакында жеңишке жетери айтылат:
"Украиналык армия түштүккө карай жаңы күч менен багыт алууда";
"Украина ири чабуулун баштады";
"Украина Батыш үчүн маанилүү согуштун жаңы баскычын баштап туру";
"Бул – чоң сыноо".
Германиялык Bild газетасы "Мезгил жетти!" деп жазса, The New York Times "бул – контрчабуулдун негизги фазасы" деп маалымдайт. Анан баарынан да, булардын баарына салтанаттуу түрдө илеп белгисин АКШ өкмөтү койбоспу.
"Украина орустарга көп күттүргөн негизги соккусун урууда. БУЛ АЙЫГЫШКАН КАРМАШ! Батышта машыктырылган миңдеген жоокер, немец танкалары согуш талаасында. Орустар ири чабуулдардан кеп сала башташты", – деген билдирүү жасады ал.
Украиналык режим өз жоокер, техникаларын жок кылуу боюнча рекорд коюуну чечкендей, Батыш күткөн жеңишке жетүүнүн ордуна күн сайын жүздөгөн аскеринен ажырап, ондогон ок өткөрбөс техникасынан күндө кол жууп жатат.
Бир эле суткада Украина Куралдуу күчтөрү Түштүк Донецк жана Запорожье багытында 280ден ашуун аскерин, 25 танкын, ал эми Красный Лиман тарапта 185тин тегерегиндеги жоокерин жоготту. Талааларда Украинага Батыш тарабынан берилген "Брэдли" менен "Леопарддар" менен кошо элүү чакты БТР, танк өңдүү техникалар түтөп турган чагы.
Россиялык күчтөр улам алдыга жылып, улам бир калктуу конушту украиналык нацисттерден бошотуп жатат. Ошондой учурда да Украинанын батышчыл жетекчилиги баары жакшы экенин кожоюндарына кабарлоодо. Маселен, Улуу Британиянын коргоо министринин орун басары Жеймс Хиппи Daily Telegraph басылмасына берген маегинде: "Украина ушул тапта биздин ишеничти актоодо. Жалпысынан биз, америкалыктар жана башка тараптар менен биргеликте кышында иштелип чыккан планды аткарып жатышат", – деп сыймыктануу менен билдирди.
Град залптык октук реактивдүү тутуму - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Аскердик операциянын маңызы өч алууда эмес. "Контрчабуул" тушуккан абалдан баян
Эгер Хиппинин сөзүнө ынансак, абдан амалкөй план. Анткен менен Батыштагы айрым басылмалардагы маалыматтар боюнча, Украина салгылашка буга чейин абдан аяп келген акыркы резервин салууда. Кээ бир булактар Украина Куралдуу күчтөрү оор жоготууларынан улам кадыресе пехотанын ордуна элиталык бөлүктөрүн кармашка салууда.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн взвод командири Daily Beast басылмасына берген маегинде: "Украина Куралдуу күчтөрүнүн чабуулунун алдыңкы катарында ушунчалык айыгышкан салгылаш, кудум эле тозоктой", – деп моюнга алган. Немец аскердик чалгындоо кызматынан тарап кеткен (балким, атайылап чыгарылган да болушу мүмкүн) дагы бир маалыматта Украина Куралдуу күчтөрү НАТО стандарттары боюнча жоокерлерин машыктырып, батыш куралдары менен жабдылганына карабастан катуу утулуп жатканы айтылат.
Венгриянын премьер-министринин канцелярия башчысы Гергей Гуйяш да "Украина Куралдуу күчтөрү чабуулдун жүрүшүндө эч кандай жарытарлык жыйынтыкка жетишпегенин" билдирди.
Financial Times басылмасы украиналык жана батыштык аткаминерлердин кебине таянуу менен Украина Батыш тарабынан берилген техника, жабдуунун кеминде эле бештен бир бөлүгүн жоготконун маалымдаган.
Ал эми "Түндүк агым" боюнча иликтөөнүн автору, дүйнөгө белгилүү журналист Сеймур Херш атын атагысы келбеген украиналык аткаминердин: "Учурда Украинанын Россияга контрчабуулу үзгүлтүккө учурады. Зеленскийдин эптеп чыдап туруудан башка эч кандай планы жок", – деген сөзүн мисал келтирет. Ошол эле учурда Пентагондун башчысы Ллойд Остин "контрчабуулду улантуу үчүн Киевдин күчү жетишерлик" экенин билдирди.
Кетмендин башын тепсеп алмай деген бар, сыягы бул шайман (курал) дүйнөдө эң кооптуу окшойт. Сырттан баам салганга Киевге азыр жолдоштору дал ушуну карматып жатышкан өңдүү.
Россия президенти Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2023
Путин НАТО аскердик кагылышууну баштаса Россия даяр экенин билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0