31-июлга карата аба ырайы

© AFP / JENS BUTTNERЧөптө жамгырдын тамчылары. Архив
Чөптө жамгырдын тамчылары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2023
Жазылуу
31-июлга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө + 32...+37, Талас аймагында +29...+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34...+39, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +25...+30 градуска чейин көтөрүлөт.
Күндүн табы борбор калаада +35...+37, Ош шаарында +37...+39, Чолпон-Атада +27...+29 градуска жетет.
Өрттөннөнүп жаткан автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2023
1,5 мүнөттө чыгып кеткиле. ӨКМ автоунаа өрттөнгөндө эмне кылуу керектигин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0