29-июлга карата аба ырайы

© AP Photo / Vladimir VoroninСуусамыр өрөөнүндөгү тоо жайлоосунда жылкылар. Архив
Суусамыр өрөөнүндөгү тоо жайлоосунда жылкылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2023
Жазылуу
29-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Ишембиде күндүз аба ырайы өзгөрүлүп, тоолуу райондордо өткүн өтүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +32…+37, Таласта +31…+36, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +35…+37, Ысык-Көл жергесинде +23…+28, Нарын өрөөнүндө +24…+29 градус болорун айтышты.
Термометр Бишкекте +33…+35, Ош калаасында +35…+37, Чолпон-Атада +23…+25 градусту көрсөтөт.
Техникалык колледждин студенттери автоунааны кароо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2023
Оштогу колледждер. Тизме, окуу акысы, даректер
Жаңылыктар түрмөгү
0