https://sputnik.kg/20230727/den-sooluk-kan-basym-kardiolog-kenesh-ooru-1077332835.html
Кардиолог кан басымды нормада кармоонун жолдорун айтты
Кардиолог кан басымды нормада кармоонун жолдорун айтты
Sputnik Кыргызстан
Ашыкча салмактан арылып, активдүү кыймылды көбөйтүп, спирт ичимдиктерин ичпей, чылымды таштап, санаа тартпаганды үйрөнүү менен гипертониялык ооруларды 10... 27.07.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-07-27T08:39+0600
2023-07-27T08:39+0600
2023-07-27T08:39+0600
ден соолук
кан басымы
кардиолог
кеңеш
оору
өмүр
адам
дарыгер
россия
https://sputnik.kg/img/07e7/07/1a/1077335033_0:157:3084:1892_1920x0_80_0_0_1d3a84a5ed8056469e0eb1eb4939c92c.jpg
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Гипертониялык оорулардын өрчүү факторлорун Sputnik радиосуна кардиолог Татьяна Романенко айтып берди.Дарыгердин түшүндүрмөсүнө ылайык, оору өтө өрчүп кеткенге чейин айрым адамдар аны сезбей жүрө берет.Баш оору, баштын оор сезилиши, көздүн чыбырчыктоосу, жүрөк айлануу, баш айлануу, түз басып баратып эле бир жакка ооп кетүү өңдүү көрүнүштөр болсо кан басымды текшерүү кажет.Көпчүлүк адам кан басымы көтөрүлүп кеткенин сезбейт, бул деген аларда гипертониялык оору жок дегенди билдирбейт, ушул чоң көйгөй. Себеби адамдагы оору өтүшүп кеткенден кийин, мисалы, инфаркт, инсульт алып, бөйрөгү иштебей баштаганда же көзү көрбөй калган учурда эле белгилүү болот", – деди Татьяна Романенко.Кардиолог мындай көйгөйлөрдүн жаралышына жеткирбей, кан басымды дайыма өлчөп жүрүүнү сунуштаган. Айтымында, кан басымдын көтөрүлүшүн алдын алууга болот.Ошондой эле ал эгерде адамда биринчи жолу кан басым көтөрүлүп жатса дарыгерге сөзсүз кайрылуу зарылдыгын эскертти.
https://sputnik.kg/20220524/gipertoniya-kan-basym-maek-1064657010.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/07/1a/1077335033_177:0:2908:2048_1920x0_80_0_0_e41aef984daf6addc76ee30c065e34f6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ден соолук, кан басымы, кардиолог, кеңеш, оору, өмүр, адам, дарыгер, россия
ден соолук, кан басымы, кардиолог, кеңеш, оору, өмүр, адам, дарыгер, россия
Кардиолог кан басымды нормада кармоонун жолдорун айтты
Ашыкча салмактан арылып, активдүү кыймылды көбөйтүп, спирт ичимдиктерин ичпей, чылымды таштап, санаа тартпаганды үйрөнүү менен гипертониялык ооруларды 10 жылдан 30 жылга чейин ары жылдырууга болот.
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Гипертониялык оорулардын өрчүү факторлорун
Sputnik радиосуна кардиолог Татьяна Романенко айтып берди.
Дарыгердин түшүндүрмөсүнө ылайык, оору өтө өрчүп кеткенге чейин айрым адамдар аны сезбей жүрө берет.
"Кан басым жогору болуп жатканда ар кимде ар кандай белгилер болот: кээ бири ысып, кыйналса, кээ бири, тескерисинче, чыйрыгат, айрымдар дааратканага бат-баттан барып калат.
Баш оору, баштын оор сезилиши, көздүн чыбырчыктоосу, жүрөк айлануу, баш айлануу, түз басып баратып эле бир жакка ооп кетүү өңдүү көрүнүштөр болсо кан басымды текшерүү кажет.
Көпчүлүк адам кан басымы көтөрүлүп кеткенин сезбейт, бул деген аларда гипертониялык оору жок дегенди билдирбейт, ушул чоң көйгөй. Себеби адамдагы оору өтүшүп кеткенден кийин, мисалы, инфаркт, инсульт алып, бөйрөгү иштебей баштаганда же көзү көрбөй калган учурда эле белгилүү болот", – деди Татьяна Романенко.
Кардиолог мындай көйгөйлөрдүн жаралышына жеткирбей, кан басымды дайыма өлчөп жүрүүнү сунуштаган. Айтымында, кан басымдын көтөрүлүшүн алдын алууга болот.
"Гипертония ооруларына алып келчү көрүнүштөр – ашыкча салмак, аз кыймыл, туздуу тамакты көп жегендик, спирттик ичимдиктерди ашыкча ичүү, стресс, чылым чегүү жана, албетте, генден да өтөт. Эгерде ата-энесинин бири аталган илдеттен жабыркаган болсо адам сөзсүз кан басымын көзөмөлгө алышы керек. Салмакты нормага келтирип, активдүү кыймылды көбөйтүп, спирт ичимдиктерин ичпей, чылымды таштап, ашыкча санаа тартпаганга көнсөк гипертониялык ооруларды 10 жылдан 30 жылга ары жылдыра алабыз", – деп түшүндүрдү Романенко.
Ошондой эле ал эгерде адамда биринчи жолу кан басым көтөрүлүп жатса дарыгерге сөзсүз кайрылуу зарылдыгын эскертти.