https://sputnik.kg/20230725/zhanybek-abirov-kayra-shayloo-katyshuu-1077295427.html
Жаныбек Абиров кайра шайлоого катышарын кыйытты. БШК четке кагабы?
Жаныбек Абиров кайра шайлоого катышарын кыйытты. БШК четке кагабы?
Sputnik Кыргызстан
Эки жолу шайлоо өткөрүүгө кеткен чыгым 32 миллион сомду түздү. 25.07.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-07-25T13:24+0600
2023-07-25T13:24+0600
2023-07-25T13:29+0600
кыргызстан
шайлоо
бшк
четке кагуу
жаныбек абиров
https://sputnik.kg/img/07e7/03/0e/1073570129_0:0:2337:1316_1920x0_80_0_0_008d8b971c88f30fe69c8726d90aa3e1.jpg
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мандатын тапшырып кеткен депутаты Жаныбек Абиров кайра шайлоого катыша албайт. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.Кечээ Абиров социалдык баракчасы аркылуу түз эфирде суроолорго жооп берип жатып Ленин округу боюнча кайра шайлоого катышуу боюнча ойлонуп жатканын айтты.Ал эми БШКнын мүчөсү, шайлоо мыйзамдарына ылайык, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө себепчи болгон жаран кайра талапкерлигин коё албай турганын билдирди.Ленин округундагы мөөнөтүнөн мурда шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан улам өткөн эле. Март айында ал ресторандын алдынан күзөт кызматкерин сабап салган. Бул окуядан кийин Абиров депутат болууга моралдык укугу жок экенин айтып мандатын тапшырган.Мындан улам 28-майда бул округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Бирок анда добуш сатып алуулар көп болгондуктан жыйынтыгы жокко чыгарылган. Бул жараянга бюджеттен 18,8 миллион сом сарпталган болчу. Эми кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленди, ага 13,2 миллион сом керектелет.
https://sputnik.kg/20230718/zhyrgalbek-shakiev-lenin-rayonuna-akim-boldu-1077122372.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/03/0e/1073570129_32:0:2097:1549_1920x0_80_0_0_4ee38f368a89ea250665298df221c06f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, шайлоо, бшк, четке кагуу, жаныбек абиров
кыргызстан, шайлоо, бшк, четке кагуу, жаныбек абиров
Жаныбек Абиров кайра шайлоого катышарын кыйытты. БШК четке кагабы?
13:24 25.07.2023 (Жаңыртылды: 13:29 25.07.2023) Эки жолу шайлоо өткөрүүгө кеткен чыгым 32 миллион сомду түздү.
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мандатын тапшырып кеткен депутаты Жаныбек Абиров кайра шайлоого катыша албайт. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Кечээ Абиров социалдык баракчасы аркылуу түз эфирде суроолорго жооп берип жатып Ленин округу боюнча кайра шайлоого катышуу боюнча ойлонуп жатканын айтты.
"Бир жума мурун Ленин районунун жашоочулары, байке, эжекелер "кайра шайлоого катышпайсыңбы" деп кайрылып жатышат. Азыр командабыз менен сүйлөшүп, үй-бүлөдө дагы кеңешип жатабыз. Бул чечим оңой болбойт, себеби канчалаган чыгымдар болду. Аны ойлонуп жатабыз, жакын арада чечим кабыл алып сөзсүз түрдө менин катталуучуларыма кабарлайбыз", — деп айткан Абиров.
Ал эми БШКнын мүчөсү, шайлоо мыйзамдарына ылайык, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө себепчи болгон жаран кайра талапкерлигин коё албай турганын билдирди.
"Ал (Жаныбек Абиров — ред.) кайра катыша албайт. Мандатын өзү тапшырдыбы же башка жол менен кеттиби, кайра шайлоо өткөрүүгө себепчи болуп жатпайбы. Ушундай конституциялык норма бар. Карыжылык чыгымдар, 127 миң шайлоочунун убара болгону, 51 шайлоо тилкесинин иштеши, жана БШКнын убара болгонун айтпаганда деле моралдык жагы да баарынан өйдө туруш керек", — деди Бекматов.
Ленин округундагы мөөнөтүнөн мурда шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан улам өткөн эле. Март айында ал ресторандын алдынан күзөт кызматкерин сабап салган. Бул окуядан кийин Абиров депутат болууга моралдык укугу жок экенин айтып мандатын тапшырган.
Мындан улам 28-майда бул округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Бирок анда добуш сатып алуулар көп болгондуктан
жыйынтыгы жокко чыгарылган. Бул жараянга бюджеттен 18,8 миллион сом сарпталган болчу. Эми кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленди, ага 13,2 миллион сом керектелет.