26-июлга карата аба ырайы

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOНарын облусунда чагылган. Архив
Нарын облусунда чагылган. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2023
Жазылуу
26-июлга карган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Шаршембиде күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Талас, Баткен, Жалал-Абадда жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы Талас аймагында +33...+38, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34...+39, Ысык-Көл чөлкөмүндө +29...+34 жана Нарын жергесинде +30...+35 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек, Ош калааларында +37...+39, Чолпон-Ата шаарында +29...+31 градуска жетет.
Кыз ооруган курсагын кармап отурат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2023
Ысыкта ичеги-карын ооруларынан сак болуу үчүн беш эреже
Жаңылыктар түрмөгү
0