100 мектеп курууга жумушчу жетпей жатат. Мамкурулуш акимдерден жардам сурады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖумушчулар куруу иштери учурунда. Архив
Жумушчулар куруу иштери учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2023
Жазылуу
Быйыл жыл соңуна чейин өзгөчө көзөмөлдө турган 100 мектепти куруп бүтүү тапшырмасы коюлган.
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргызстандын региондорунда 100 мектеп курулууда, бирок анда иштөөгө жумушчулар тартыш болуп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов өкмөттүн жыйынында билдирди.
Анын айтымында, быйыл жыл соңуна чейин өзгөчө көзөмөлдө турган 100 мектеп курулуп бүтөт. Алар 40 район жана 14 шаарда салынып жатат. Мындан улам Жыпаркулов акимдерден жумушчу таап берүүгө жардам сурады.
"Урматтуу акимдер, мына 40 райондо абдан чоң курулуштар болуп жатат. Мындай буга чейин болгон эмес. Ошондуктан бизге жумушчулар жетишпей жатат. Сиздерден сураныч, бизге жардам берсеңиздер. Мындай маалымат элге жетиши керек. Алдыда беш-алты ай эле убакыт калды", — деп кайрылды Мамкурулуштун башчысы.
Андан соң Акылбек Жапаров ал курулуштарды карап чыкканын, 30 мектеп 1-сентябрга чейин бүтчүдөй экенин, калган 70и эптеп-септеп башталып жатканын айтты.
"Каржылоо жагынан да бир аз көйгөйлөр болду. Бирок алдыда дагы алты ай бар. Эгер 1-январга чейин бүтүрбөй турган болсоңуз, сиз экинчи бир дагы мамлекеттик кызматка алынбайсыз. Уктуңузбу?! Сапаты жагын да караңыз. Садыр Нургожоевич "быйыл 100 мектеп бүтүрөбүз" деп айттыбы, демек, бүтүш керек. Сизге президент эки ай, мен алты айлык мөөнөт берип мүмкүнчүлүк берсем "2" алып атасыз. Себеби дисциплинаңыз чабал экен, эмне жумушту уюштура албай атасызбы? Президент сизди эки айда реформа кылат деп ишенип койгон, сиз өкмөттүн пландарын аткара албай жатасыз", — деди Жапаров.
Аны менен катар министрлер кабинетинин төрагасы акимдерге өз аймагынан жумушчуларды таап берүүгө тапшырма берди. Болбосо чет өлкөдөн жумушчуларды алып келүүгө аргасыз болушарын айтты.
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2023
Жапаров: кыргыздар өлгүдөй жалкообуз, Ак үйдү курууга Дубайдан жумушчулар келди
Жаңылыктар түрмөгү
0