Акылбек Жапаров Мишустин жана Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архивдик сүрөт
Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2023
Жазылуу
Тараптар түрдүү тармактарда кызматташтыктарды өнүктүрүүнү талкуулашкан.
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, Жапаров Мишустин менен кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулаган.
"Алар Евразия экономикалык биримдигиндеги интеграциялык кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту", — деп айтылат маалыматта.
Жапаров менен Пашинян эки тараптуу кызыкчылыкты жараткан түрдүү тармактардагы кыргыз-армян кызматташуусунун актуалдуу маселелерин кеп кылышкан. Тараптардын экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн жолдорун да сүйлөшкөнү айтылды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2023
Майда иштер бүтпөйт. А. Жапаров журналисттерди өлкөдөгү өнүгүүнү жазууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0