00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сиз антип философияны айтпаңыз. Акылбек Жапаров айыл чарба министрин тилдеди

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаАйыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков. Архив
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековду тилдеди.
Өкмөт башчы министрдин ишинин натыйжасын көрбөй жатканын белгилеп, мындай темп менен азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо кыйынга турарын айтты.
"Баткенде тоок фермасы өрттөнүп кеткен үй-бүлөгө жардам көрсөтүп 30 миллион сом кредит бердик. Ал Лейлек менен Баткен райондорун бүт жумуртка менен камсыз кылам деп жатат. Бир үй-бүлөгө катуураак жардам берип койсоңор бир райондун жумурткага болгон муктаждыгын чечет экен да. Сиз (айыл чарба министри — ред.) ушундай сунуштарды бериңиз да. Биз 2026-жылга чейин азык-түлүк коопсуздугун толугу менен чечебиз деп жатабыз. Азыркыдай темп менен чече албайбыз. "Үчөө бүттү, бешөө алыстап барат" деп сиз антип философияны (маалыматты - ред.) бербеңиз. Атайын программаларды иштеп чыккыла да. Жакынкы үч жылда биз жумуртка боюнча көйгөйдү билбешибиз керек", — деди Жапаров.
Ошондой эле Жапаров Айыл чарба министрлиги бир дагы питомник жасабай жатканына нааразы болду.
"Эки питомник жасагыла дебедик беле. 10-15 гектар жер керек экен, килейген токой чарбалары сиздин колуңузда турат. Жакшынакай бир питомник жок, элдин баары кыйналып жатат. Дагы алты айыңыз бар, бизге эртерээк ушундай сунуштарды киргизиңиз", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.
Мындан сырткары, Жапаров министрлик менен Улуттук статистика комитетинин маалыматтары дал келбей жатканын айтып, иретке келтирип коюшун тапшырды.
"Азыр мен текшерүү башкармалыгынан такташтырсам же сиздин, же Статкомдун калпы чыгып калат. Канча деген кишини жумуштан айдайбыз анан. Биз эмне бул жакта эшек такалап отурабызбы, цифраларды окуйбуз да. Сиз сууну 20 пайызга көп бердик деп жатасыз, Статком эч өзгөрүү жок деп жатат", — деп жинденди Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2023
Майда иштер бүтпөйт. А. Жапаров журналисттерди өлкөдөгү өнүгүүнү жазууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0