Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

"Мейкин Азиянын" уюштуруучулары: Кыргызстанды дүйнө жүзү тааныйт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Мейкин Азиянын" фестивалын ачылышы. Архив
Мейкин Азиянын фестивалын ачылышы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2023
Жазылуу
Быйыл иш-чара Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин колдоосу менен өтөт.
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. "Мейкин Азия" кыргыз фестивалы дүйнө жүзүнө таанымал болот. Бул тууралуу долбоордун координатору, маданияттын эмгек сиңирген ишмери Рыскул Боронбаев билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.
© Sputnik / Жоомарт УраимовЗаслуженный деятель культуры КР Рыскул Боронбаев
Заслуженный деятель культуры КР Рыскул Боронбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2023
"Музыка жаатында эл аралык фестивалдарды өткөрүү боюнча Дүйнөлүк ассоциациянын президенти менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Ал Кыргызстанга келип "Мейкин Азия" долбоору дүйнөлүк желеге кире турганын жарыялоону убадалады", — деди Боронбаев.
Ал мунун арты менен биздин артисттер эл аралык бардык фестивалдарга катыша аларын, Кыргызстан тууралуу дүйнө жүзү билерин белгиледи.
"Мейкин Азия" Ысык-Көл облусунда 18инен 20-августка чейин "Рух Ордо" борборунда өтөт. Ага 25ке жакын мамлекет катышат. Алардын арасында Россия, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан бар.
Иш-чаранын уюштуруучулары:
Кыргызстандын министрлер кабинети;
КРдин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;
Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрация;
Улуттук телерадиоберүү корпорациясы.
Тасма тартуу. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2023
Бишкекте кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалы өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0