https://sputnik.kg/20230717/bloger-ertay-iskakov-bishkek-sizo-kamaldy-1077114330.html
Блогер Эртай Искаков эки айга камакка алынды
Блогер Эртай Искаков эки айга камакка алынды
Sputnik Кыргызстан
Искаков менен кошо кармалган эки жергиликтүү тургундун баш коргоо чарасын сот карап жатат. 17.07.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-07-17T22:01+0600
2023-07-17T22:01+0600
2023-07-17T22:11+0600
кыргызстан
блогер
таза суу
сот
селекция
эртай искаков
https://sputnik.kg/img/07e7/07/11/1077114013_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_2a55635c78d098d84ba87b972718e8a3.jpg
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Блогер Эртай Искаков Бишкектеги СИЗО-1ге эки айга камалды. Мындай чечимди Сокулук райондук соту бүгүн, 17-июлда, чыгарганын Чүй ОИИББнын маалымат кызматы билдирди.Үстүбүздөгү жылдын 14-июлунда Селекция айылынын тургундары таза суу маселесин чечип берүү талабы менен Түштүк магистралды тоскон. ИИМ жол ачылганы менен чогулгандар кеткиси келбей, алтургай милицияга таш ыргытканын билдирген.Аталган факт Сокулук РИИБге катталып, “Мыйзамсыз жол тосуу” жана “Бейбаштык” беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Ал эми 15-июль күнү жогорудагы кылмыштарды жасоого шектелип блогер Эртай Искаков менен эки жергиликтүү тургун кармалган.
https://sputnik.kg/20230716/ehrtaj-isakov-karmaldy-1077072976.html
селекция
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/07/11/1077114013_159:0:2890:2048_1920x0_80_0_0_553b9e9d7c91963f5500d022bcc3dc38.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, блогер, таза суу, сот, селекция, эртай искаков
кыргызстан, блогер, таза суу, сот, селекция, эртай искаков
Блогер Эртай Искаков эки айга камакка алынды
22:01 17.07.2023 (Жаңыртылды: 22:11 17.07.2023) Искаков менен кошо кармалган эки жергиликтүү тургундун баш коргоо чарасын сот карап жатат.
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Блогер Эртай Искаков Бишкектеги СИЗО-1ге эки айга камалды. Мындай чечимди Сокулук райондук соту бүгүн, 17-июлда, чыгарганын Чүй ОИИББнын маалымат кызматы билдирди.
“Сокулук райондук сотунун тергөө судьясынын чечими менен 1990-жылы туулган Э.И. аттуу айыпталуучунун кармалгандыгы мыйзамдуу деп табылып, ага карата Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Ал эми 1974-жылы туулган Б.Б. жана 1972-жылы туулган Б.Б. аттуу айыпталуучулардын кармалгандыгынын мыйзамдуулугу, ошондой эле баш коргоо чарасы каралууда”, — деп айтылат маалыматта.
Үстүбүздөгү жылдын 14-июлунда Селекция айылынын тургундары таза суу маселесин чечип берүү талабы менен Түштүк магистралды тоскон. ИИМ жол ачылганы менен чогулгандар кеткиси келбей, алтургай милицияга таш ыргытканын билдирген.
Аталган факт Сокулук РИИБге катталып, “Мыйзамсыз жол тосуу” жана “Бейбаштык” беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Ал эми 15-июль күнү жогорудагы кылмыштарды жасоого шектелип блогер Эртай Искаков менен эки жергиликтүү тургун кармалган.