Айсулуу Тыныбекованын байге куржунуна дагы бир алтын түштү. Жеңиштин видеосу

© Фото / United World Wrestling / Kadir CaliskanКыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2023
Жазылуу
Спортчу Венгрияда өткөн спорттук күрөш боюнча рейтингдик турнирге катышкан.
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Венгрияда өткөн спорттук күрөш боюнча рейтингдик турнирде алтын тагынды.
Балбан кыз 62 кг чейинки салмак ченинде күч сынашкан.
Чейрек финалда Тыныбекова россиялык Алина Хасабиеваны 6:1 менен утту. Ал эми жарым финалда бразилиялык Лаис Нуньести 5:2 эсеби менен жеңген.
Финалда болгариялык спортчу Биляна Дудованы 2:1 эсебинде утуп алды.
DOTA 2 боюнча Кыргызстандын курама командасы  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2023
Кыргызстандын DOTA 2 боюнча командасы чемпионатка чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0