Кыргызстан Европарламенттин өлкөдөгү сөз эркиндиги боюнча резолюциясына жооп кайтарды

© Sputnik / Алексей ВитвицкийБрюсселдеги Европарламенттин баш кеңсесинин алдында Евробиримдиктин желектери. Архив
Брюсселдеги Европарламенттин баш кеңсесинин алдында Евробиримдиктин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2023
Жазылуу
Министрлик резолюцияны даярдоодо документтин демилгечилери кыргыз тараптан тактоочу же кошумча маалымат сурабагандыгын айтты.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Европа парламентинин күтүүсүз жана шашылыш кабыл алынган “Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарына жана сөз эркиндигине кысым көрсөтүү жөнүндө” резолюциясына карата өкүнүчүн билдирет.
Резолюцияны даярдоодо документтин демилгечилери кыргыз тараптан тактоочу же кошумча маалымат сурабагандыгы айтылды.

“Объективдүү эмес, бир жактуу пикирге негизделип үстүртөн жазылган резолюция өлкөгө жана улуттук каада-салтты эске алуу менен демократияны, жарандардын негизги укуктарын жана эркиндигин сактоо боюнча Кыргызстан тарабынан көрүлүп жаткан чараларга кысым катары каралат. Резолюциянын авторлору, балким, атайылап, “Азаттык Медиасынын” айланасындагы маселенин сот аркылуу чечилгенин, ошондой эле белгиленген мыйзам долбоорлору жарандык коомдун өкүлдөрүнүн кеӊири чөйрөсүнүн катышуусу менен талкуу этабында гана экенин эске алган эмес”, — деп жазылган маалыматта.

Резолюциянын башка бир катар пунктулары да көп суроону жаратат. Алар объективдүү баа берүүнү жана улуттук мыйзамдарга, анын ичинде КРдин бийлик бутактарынын көз карандысыздыгын караштырган мыйзамдарга ылайык чечүү жолдорун чагылдырган эмес.
“Кыргызстан Европа биримдиги менен кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин өзгөчө баалайт. Биз мындан ары да өнөктөштүн пикирин эске албаган мындай бир жактуу чечимдерге карабастан кызматташтыкка зыян келтирүүчү жана терс таасирин тийгизүүчү бул сыяктуу практикадан алыс болууга чара көрүүнү улантууга ниеткербиз”, — деп билдирди ТИМ.
Министрлик сөз эркиндиги жана адам укуктарын коргоо Кыргызстандын негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи.
“БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү катары Кыргызстан демократияны, адам укуктарын, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө боюнча ырааттуу иш жүргүзүп, өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарууну улантууда”, — деген ТИМ.
Азаттык радиосун микрофону. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2023
"Азаттык" чуулуу материалын сайттан өчүрүп, сот иштери токтотулду
Жаңылыктар түрмөгү
0