https://sputnik.kg/20230713/chek-ara-zhanzhalynda-kurman-bolgon-nursultan-zhanybekovdun-aty-skverge-koyulat-1077024029.html
Баткенде курман болгон баатыр Нурсултан Жаныбековдун элеси түбөлүккө калтырылды
Баткенде курман болгон баатыр Нурсултан Жаныбековдун элеси түбөлүккө калтырылды
Sputnik Кыргызстан
Баатыр Нурсултан Жаныбековдун атасы Таалайбек Осонов мэрияга берген акча шаардын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалары айтылды. 13.07.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-07-13T17:20+0600
2023-07-13T17:20+0600
2023-07-13T17:27+0600
кыргызстан
баткен
чек ара
баатыр
курман болгон
нарын
сквер
https://sputnik.kg/img/07e6/09/12/1068017348_0:95:607:436_1920x0_80_0_0_0701e6d3814463a72540d44292b13c99.jpg
БИШКЕК, 13-июл. – Sputnik. Тажикстандын куралдуу кол салуусундагы кармашта баатырдык менен курман болгон снайпер Нурсултан Жаныбековдун ысымы Нарын шаарындагы Мазар-Булак аймагындагы скверге коюлуп, үй-бүлөсүнүн демөөрчүлүгү менен жарыктандыруу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.Чек ара кызматынын "Бөрү" атайын даярдыктагы отрядынын жоокери, маркум Нурсултан Жаныбековдун атасы Таалайбек Осонов Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев менен жолугуп, 50 миң сом өлчөмүндө демөөрчүлүк кылып, шаардын инфраструктурасын жакшыртууга арнаган салымын берди.Ал каражат буга чейин Нурсултан Жаныбековдун ысымы коюлган Мазар-Булак аймагындагы сквердин айланасын жарыктандырууга жумшалат. Учурда аталган сквер республикалык түрткү берүүчү гранттык каражаттын эсебинен реконструкцияланып жатат.Демөөрчү Осонов менен жолуккан калаа башчысы ыраазычылыгын билдирип, мекен чегинде татыктуу кызматын өтөгөн Нурсултандай уулду тарбиялаганын белгиледи. Баатырдын ысымын түбөлүккө калтыруу менен аты коюлган сейил бакты жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттары менен пайдаланууга берип, өнүктүрүүнү сүйлөштү.2022-жылы Баткен облусундагы чек арадагы куралдуу кармашта 27 жашында баатырларча курман болгон улук лейтенант Нурсултан Жаныбековдун сөөгү 18-сентябрда өзү туулган Нарын районунун Оттук айылында жерге берилген.Нурсултан мектепте 9-классты аяктаган соң агрардык-экономикалык колледжге окууга тапшырган. Кызмат учурунда "Көк-Айгыр" чек ара кызматынын улук аткычы, "Бөрү" атайын даярдыктагы отрядынын улук чалгынчы-улук көзгө атары болуп эмгектенген. 2014-жылдын 9-апрелинде Ош облусундагы №92843 аскер бөлүгүнө аскердик кызматка чакырылган. 2015-жылдын 7-апрелинде кызматын аяктап, Мамлекеттик чек ара кызматынын №2025 аскердик бөлүгүнө кызматка кирген. 2022-жылдын 23-мартында 2054-аскер бөлүгүнүн 6-атайын багыттагы тобунун улук чалгынчы-улук аткычы кызматына дайындалып, Баткен облусундагы Раззаков шаарына кызмат өтөө үчүн жиберилген. Жаныбековдун мекенине кылган кызматы бааланып, президенттин Ардак грамотасы жана бир катар ведомстволук сыйлык, медалдар менен сыйланган. Нурсултан үй-бүлөдө төрт бир туугандын улуусу болчу.Эскерте кетсек, Тажикстандын Баткендеги чек ара аймактарына куралдуу кол салуусундагы каргашада 2021-жылы апрель-май айларындагы чек арадагы кандуу жаңжалда 37, 2022-жылдын сентябрындагы кагылышууда 62 кыргызстандык, анын ичинен 42 жоокер курман болгон.
https://sputnik.kg/20220930/batken-tazhikstan-kol-saluu-kaza-boldu-zhooker-1068436497.html
баткен
нарын
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/09/12/1068017348_0:6:929:702_1920x0_80_0_0_805be1cdc54f612dd121269364e6b3e8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, баткен, чек ара, баатыр, курман болгон, нарын, сквер
кыргызстан, баткен, чек ара, баатыр, курман болгон, нарын, сквер
Баткенде курман болгон баатыр Нурсултан Жаныбековдун элеси түбөлүккө калтырылды
17:20 13.07.2023 (Жаңыртылды: 17:27 13.07.2023) Баатыр Нурсултан Жаныбековдун атасы Таалайбек Осонов мэрияга берген акча шаардын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалары айтылды.
БИШКЕК, 13-июл. – Sputnik. Тажикстандын куралдуу кол салуусундагы кармашта баатырдык менен курман болгон снайпер Нурсултан Жаныбековдун ысымы Нарын шаарындагы Мазар-Булак аймагындагы скверге коюлуп, үй-бүлөсүнүн демөөрчүлүгү менен жарыктандыруу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Чек ара кызматынын "Бөрү" атайын даярдыктагы отрядынын жоокери,
маркум Нурсултан Жаныбековдун атасы Таалайбек Осонов Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев менен жолугуп, 50 миң сом өлчөмүндө демөөрчүлүк кылып, шаардын инфраструктурасын жакшыртууга арнаган салымын берди.
Ал каражат буга чейин Нурсултан Жаныбековдун ысымы коюлган Мазар-Булак аймагындагы сквердин айланасын жарыктандырууга жумшалат. Учурда аталган сквер республикалык түрткү берүүчү гранттык каражаттын эсебинен реконструкцияланып жатат.
Демөөрчү Осонов менен жолуккан калаа башчысы ыраазычылыгын билдирип, мекен чегинде татыктуу кызматын өтөгөн Нурсултандай уулду тарбиялаганын белгиледи. Баатырдын ысымын түбөлүккө калтыруу менен аты коюлган сейил бакты жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттары менен пайдаланууга берип, өнүктүрүүнү сүйлөштү.
2022-жылы Баткен облусундагы чек арадагы куралдуу кармашта 27 жашында баатырларча курман болгон улук лейтенант Нурсултан Жаныбековдун сөөгү 18-сентябрда өзү туулган Нарын районунун Оттук айылында жерге берилген.
Нурсултан мектепте 9-классты аяктаган соң агрардык-экономикалык колледжге окууга тапшырган. Кызмат учурунда "Көк-Айгыр" чек ара кызматынын улук аткычы, "Бөрү" атайын даярдыктагы отрядынын улук чалгынчы-улук көзгө атары болуп эмгектенген. 2014-жылдын 9-апрелинде Ош облусундагы №92843 аскер бөлүгүнө аскердик кызматка чакырылган. 2015-жылдын 7-апрелинде кызматын аяктап, Мамлекеттик чек ара кызматынын №2025 аскердик бөлүгүнө кызматка кирген. 2022-жылдын 23-мартында 2054-аскер бөлүгүнүн 6-атайын багыттагы тобунун улук чалгынчы-улук аткычы кызматына дайындалып, Баткен облусундагы Раззаков шаарына кызмат өтөө үчүн жиберилген. Жаныбековдун мекенине кылган кызматы бааланып, президенттин Ардак грамотасы жана бир катар ведомстволук сыйлык, медалдар менен сыйланган. Нурсултан үй-бүлөдө төрт бир туугандын улуусу болчу.
Эскерте кетсек, Тажикстандын Баткендеги чек ара аймактарына куралдуу кол салуусундагы каргашада 2021-жылы апрель-май айларындагы чек арадагы кандуу жаңжалда 37, 2022-жылдын сентябрындагы кагылышууда 62 кыргызстандык, анын ичинен 42 жоокер курман болгон.