14-июлга карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүЭс алып аткан кыз. Архивдик сүрөт
Эс алып аткан кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2023
Жазылуу
14-июлда республиканын көпчүлүк аймактарында аномалдуу ысык аба ырайы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Жумада тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +35…+40, Таласта +32…+37, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +36…+41, Ысык-Көл жеринде +27…+32, Нарын өрөөнүндө +30…+35 градусту көрсөтөт.
Абанын табы Бишкекте +37…+39, Ош калаасында +39…+41, Чолпон-Атада +27…+29 градус ысыйт.
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2023
Кыргызстан боюнча 15-июлга чейинки аба ырайынын божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0