Статком кыргызстандыктардын кирешеси канчага өскөнүн айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековСом купюралары. Иллюстративдик сүрөт
Сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргызстандын калкынын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү 2022-жылы 559,2 миллиард сомду түзүп, андан мурдагы жылга салыштырмалуу 3,2 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Өткөн жылы калктын киши башына алгандагы реалдуу орточо акчалай кирешеси айына 7 396,7 сомду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 5,5 пайызга көбөйгөн.
"2022-жылы милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөрдү кармап калгандан кийин калктын киши башына бөлүнгөн орточо акчалай кирешеси жалпысынан республика боюнча айына 7 948,4 сомду түздү жана 2021-жылга салыштырмалуу 19,6 пайызга өстү", — деп жазылган маалыматта.
Калктын киши башына бөлүнгөн орточо акчалай кирешеси:
эмгек ишмердигинен түшкөн киреше — 68,9 пайыз;
социалдык трансферттер — 14,5;
жеке көмөкчү чарбалардан түшкөн кирешелер — 12,4;
дагы башка кирешелер — 4,1.
Сом жана доллар пачкалары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2023
Бийлик: банктар пайызсыз займдардын ордуна 20 пайыздык кредит сунуштап коюуда
Жаңылыктар түрмөгү
0