10-июлга карата аба ырайы

© AFP / GERARD JULIENЖаандан кийинки гүл талаасы. Архив
Жаандан кийинки гүл талаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2023
Жазылуу
10-июлда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтөт.
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз көпчүлүк тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Таласта +27...+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +23...+28 жана Нарында +21...+26 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +31...+33, Чолпон-Атада +23...+25 жана Ош шаарында +33...+35 градусту көрсөтөт.
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2023
Кыргызстан боюнча 15-июлга чейинки аба ырайынын божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0