Караколдо жоголгон эже-сиңди бөбөктөрдүн сөөгү суудан табылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨКМ кызматкери издөө иштери учурунда
ӨКМ кызматкери издөө иштери учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2023
Жазылуу
Издөө иштерине 15 куткаруучу, 60 милиция кызматкери тартылган.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Каракол шаарында жоголгон беш жана эки жаштагы эже-сиңдинин сөөгү табылды, алардын сууга агып кеткени аныкталды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 6-июль күнү Караколдун Чкалов көчөсүндө саат 15:00дөр чамасында ойноп жүргөн Н.Р. жана Н. Р. аттуу кичинекей кыздарды таппай калышкан. Аларды издөөгө 15 куткаруучу, 60 милиция кызматкери тартылган. Бүгүн саат 08:50дө Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылындагы МК-10 сугат каналынан бөбөктөрдүн сөөгү табылды.
Ал эми Ысык-Көл облустук милициясы шаардын аймагында видеобайкоочу камералар изилденип, анда эже-сиңди кыздар Каракол суусун көздөй багыт алышканы аныкталганын билдирди. Мындан улам издөө иштери аталган суунун жээги боюнча жүргүзүлгөн.
Сууга чөгүп бараткан адам үч эсе күчтүү болот. ӨКМ куткаруу ыкмаларын көрсөттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2023
Сууга чөгүп бараткан адам үч эсе күчтүү болот. ӨКМ куткаруу ыкмаларын көрсөттү
Жаңылыктар түрмөгү
0