8-июлга карата аба ырайы

© Sputnik / Михаил ВоскресенскийЖамгыр учурунда жолдогу автоунаа. Архив
Жамгыр учурунда жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2023
Жазылуу
8-июлда түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтөт.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Ишембиде күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +27...+32, Таласта +23...+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарында +20...+25 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +28...+30, Чолпон-Атада +22...+24 жана Ош шаарында +33...+35 градусту көрсөтөт.
Күн ысыкта көчөдө бараткан адамдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2023
Сак болгула! Июль айында үч ирет магниттик бороон болот
Жаңылыктар түрмөгү
0