Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Зеленский контрчабуул боюнча Батышты шаштырып жатканын айтты

© AP Photo / Vadim GhirdaУкраинанын президенти Владимир Зеленский
Украинанын президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2023
Жазылуу
Кучманын мурдагы кеңешчиси Соскин Украина башчысы кандай гана болбосун контрчабуулду жасоого камданып жатканын билдирген.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Президент Владимир Зеленский АКШнын, Европанын өкүлдөрү менен байланышканда Украинанын контрчабуулду эртерээк башташын айтып, тиешелүү куралдарды алууга аракет кылганын билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"АКШнын лидерине бизге көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазылык билдирем... Бирок мен европалык лидерлерге да контрчабуулду эртерээк баштоого ниет кылып жатканыбызды жана бул үчүн курал-жарак керектигин айттым. Эмнеге? Себеби кечирээк баштасак жай кыймылдаганга, алдыга жай жылганга туура келип калат", — деген ал CNN телеканалына берген маегинде.
Зеленский контрчабуулдун темпи күткөндөй болбой жатышын согуш талаасындагы "татаалдыктар" менен байланыштырган.
"Биздин контрчабуулдардын эртерээк башталышын каалайт элем, баарына түшүнүктүү кылып айтсам, эгерде буга кечирээк киришип калсак, аймагыбыздын көбүрөөк бөлүгү миналанып калат. Душманга миналарды көп кылып жайгаштырууга жана өзүнүн коргонуу чектерин даярдап алууга мүмкүнчүлүк берген болобуз", — деген ал.
Аны менен катар эле АКШны Киевге F-16 истребителдеринин төртүнчү муунун берүүгө чакырган. Зеленскийдин айтымында, кеп асманда Украинанын Россиядан артыкчылык кылуусу туурасында эмес, "теңтайлашуусунда" болууда.
"F-16 согуш талаасындагылардын эле алдыга жылуусуна жардам кылуу менен чектелбейт. Абадан коргонуусуз калуу өтө оор",— деген Зеленский.
Андан сырткары, Украинанын контрчабуулу туурасында Зеленскийге байланышкан дагы бир маалымат тарады. Экс-президент Леонид Кучманын мурдагы кеңешчиси Олег Соскин Зеленский кандай гана болбосун контрчабуулду жасоого камданып жатканын билдиргенин РИА Новости жазды.
"Контрчабуулду максатына жеткириш үчүн армияны талкалоого туура келет. Зеленскийге чабуулга өт деген тапшырма берилген, кудай жалгап, аны жасай албай калаттыр", — деген Соскин.
Эксперттин пикирине караганда, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн эң маанилүүлөрү айтылып жаткан салгылашка катышат, бул нерсе Киевде калган аскер бөлүктөрдүн согуштук мүмкүнчүлүктөрүнүн баарын жок кылат.
Буга чейин Кучманын экс-кеңешчиси бардык басымды Түндүк атлантикалык альянстын өлкөлөрүнө бирдей таратып, Киевди соккудан алып чыгып кетиш үчүн Россия менен тынчтык келишимин түзүүнү сунуштаган.
Украинанын Запорожье фронтунун Түштүк Донецк, Орехово, Васильев жана Артемовск багытындагы чабуулу 4-июнда башталган. Анткен менен негизги сокку Запорожье фронтуна урулган болчу. РФ президенти Владимир Путин Украина контрчабуулга өткөнүн, бирок бир да жерде ийгиликке жетпегенин билдирген.
3-июлда Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу контрчабуул баштагандан бери Украина 18 учак менен вертолет, 920 ок өтпөс техника, анын ичинде Польша менен Португалия берген 16 Leopard танкынын баары жок кылынганын билдирди.
Украиналык аскерлер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ДЭР башчысы: Украина контрчабуулдун үчүнчү толкунун баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0