https://sputnik.kg/20230706/daryger-dieta-sport-semiruu-1076813437.html
Дарыгер диета менен спорт кээ бир учурда ашыкча салмактан арылтпай турганын айтты
Дарыгер диета менен спорт кээ бир учурда ашыкча салмактан арылтпай турганын айтты
Sputnik Кыргызстан
Семирүүдөн толук арылуу үчүн бир нече дарыгер менен иштөө керек. 06.07.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-07-06T08:36+0600
2023-07-06T08:36+0600
2023-07-06T08:36+0600
дарыгер
арыктоо
семирүү
диета
спорт
россия
https://sputnik.kg/img/07e7/07/05/1076813545_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_2c6a5e90557fd60f6efe3555e1fd1597.jpg
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Диета менен спорт ашыкча салмак менен жабыркаган адамдарга жетишерлик натыйжа бербейт. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, бариатролог-хирург Владимир Самойлов Известия басылмасындагы маегинде билдирди.Анын айтымында, бул оору менен жабыркагандардын дээрлик 90 пайызы диета жана спорттун күчү менен арыктаганына карабастан, кайрадан семирип кетет.Метаболизмдин жана ашказандын анатомиясынын өзгөргөнүнө байланыштуу дайыма ачка болуу сезими күчөйт. Ал эми диета учурунда организм "ачка калуудан коркуп", ашыкча май топтой баштайт."Бул адамдын арыктоосуна жол бербеген туюк айлампа", — деген адис.Самойлов ашыкча салмактан толугу менен арылуу үчүн адистердин тобу: психолог, диетолог, эндокринолог жана бариатриялык хирург менен иштөө керектигин айткан. Ал ошондой эле семирүүнү, ашыкча салмакты көңүл сыртында калтырбоого чакырат. Анткени бул көрүнүштөр адамды кант диабети, жүрөк жана муун ооруларына кептейт.
https://sputnik.kg/20220404/boor-cirroz-aryktoo-1063366015.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/07/05/1076813545_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_12a084d839aa081923d83ef041ee7347.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дарыгер, арыктоо, семирүү, диета, спорт, россия
дарыгер, арыктоо, семирүү, диета, спорт, россия
Дарыгер диета менен спорт кээ бир учурда ашыкча салмактан арылтпай турганын айтты
Семирүүдөн толук арылуу үчүн бир нече дарыгер менен иштөө керек.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Диета менен спорт ашыкча салмак менен жабыркаган адамдарга жетишерлик натыйжа бербейт. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, бариатролог-хирург Владимир Самойлов
Известия басылмасындагы маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул оору менен жабыркагандардын дээрлик 90 пайызы диета жана спорттун күчү менен арыктаганына карабастан, кайрадан семирип кетет.
"Анткени семирүү — бул башкарууга кыйын болгон оору. Тилекке каршы, мындай абалды жалгыз эрк менен оңдоого болбойт", — деген Самойлов.
Метаболизмдин жана ашказандын анатомиясынын өзгөргөнүнө байланыштуу дайыма ачка болуу сезими күчөйт. Ал эми диета учурунда организм "ачка калуудан коркуп", ашыкча май топтой баштайт.
"Бул адамдын арыктоосуна жол бербеген туюк айлампа", — деген адис.
Самойлов ашыкча салмактан толугу менен арылуу үчүн адистердин тобу: психолог, диетолог, эндокринолог жана бариатриялык хирург менен иштөө керектигин айткан. Ал ошондой эле семирүүнү, ашыкча салмакты көңүл сыртында калтырбоого чакырат. Анткени бул көрүнүштөр адамды кант диабети, жүрөк жана муун ооруларына кептейт.