29-июнга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө эс алып бараткан жарандар. Архивдик сүрөт
Көчөдө эс алып бараткан жарандар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2023
Жазылуу
29-июнда түнкүсүн республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бейшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +28…+33, Талас облусунда +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +29…+34, Ысык-Көл жеринде +18…+23, Нарын өрөөнүндө +21…+26 градус болот.
Термометр Бишкекте +29…+31, Ош калаасында +32…+34, Чолпон-Атада +20…+22 градусту көрсөтөт.
Көл жээгиндеги эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2023
Кыргызстанда 1-июлга чейин аба ырайы кандай болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0