Эсеп 1:0. Депутаттар Токторбаев менен Сатыбалдиев кайым айтышуусун улантты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2023
Жазылуу
Депутаттардын тобу мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген коррупция менен кылмыштарды алдын алууга багытталган мыйзам долбоорунун пакетин иштеп чыгышты. Элмурза Сатыбалдиев буга каршы чыкты.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жеңишбек Токторбаев менен Элмурза Сатыбалдиев айтыша кетти.

Биринчи бөлүк

Депутаттардын тобу мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген коррупция менен кылмыштарды алдын алууга багытталган мыйзам долбоорунун пакетин иштеп чыгышкан.
Демилгечилердин бири Жеңишбек Токторбаевдин айтымында, "коррупциялык жана башка мамлекеттик, муниципалдык кызматтардын кызыкчылыгына каршы иш кылгандыгы үчүн соттолгон адамдардын соттуулугу жоюлган күндө дагы президент, парламенттин депутаты, төрага, өкмөттүн мүчөсү боло албайт" деген норманы киргизүү сунушталууда.
Бирок анын кесиптеши Элмурза Сатыбалдиев депутаттарды бул сунушту колдобоого чакырып, долбоор Конституцияга каршы келерин айтты.
"Негизги мыйзам боюнча, адам бир эле кылмышы үчүн эки ирет жазаланбайт", — деди Сатыбалдиев.
Ал ошондой эле бул мыйзам долбооруна ылайык, адам өлтүргөндөр, террорчулар, саткындар президенттин жана депутаттын креслосуна отура аларын белгилеген.
Токторбаев Сатыбалдивеге жооп кайтарды.
"Мыйзам долбоору бир айдай илинип турду. Эч кандай терс пикирлер болгон жок. Элмурза Ракиевич өзүн ойлоп жатса керек. "Каршы" добуш бергиле деп айтканга укугуңуз жок. Өзүңүзгө жооп бербейсизби! Өзүңүз соттолуп, коррупцияга шектелип алып, анан эмне үчүн бул жерде депутаттарды үндөп жатасыз? Бардык депутаттарга сиз жооп бересизби? Эмне, отвечаласызбы?" — деди ал.
Сатыбалдиев кесиптешине жооп берген жок. Бирок бир катар депутаттар мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп, экинчи окууда сунуш-пикирлерди эске алуу зарылдыгын айтышты.

Экинчи бөлүк

Тыныгуудан кийин талкуу уланды. Сатыбалдиев трибунадан бир нече суроо узатты. Ал алгач эле эмне себептен мыйзам долбоорунда адам өлтүргөндөр, зордуктагандар, террорчулар да мамлекеттик кызматка бара албайт деп жазылбай калганына кызыкты. Ошондой эле "урматтуу кесиптеш" деп кайрылган Токторбаевге "Элмурза Ракиевич" деп айтса кечиримдүүрөөк болорун эскертти.
Токторбаев жооп берип жатып бул жерде кеп коррупция жөнүндө болуп жатканын баса белгиледи.
"Мен дагы бир жолу айтып коеюн, мамлекеттин чөнтөгүнөн уурдаган ууру мамлекеттик кызматка кайтып келбеши керек деген эле маселе болуп жатат. Эмне эле аларга жан тартып жатасыз, билбейм. Сиз башка берене менен соттолгонсуз го", — деди Токторбаев.
Ал ошондой эле Сатыбалдиев атайын ага карата "кычып", коомчулукка ойноп жатканын айтуу менен "болду, токтотуңуз" деп суранды.
Бирок Сатыбалдиев андан ары суроо берүүнү улантты. Токторбаев болсо эгер ал мыйзам долбоорун колдогусу келбей жатса, колдобой эле коюшун, баары бир ага ыраазы экенин айтты.
"Колдош үчүн мен биринчи суроо берип алайын да" деген Сатыбалдиев "отвечала" жана "шкурный интерес" деген расмий тилби же жаргонбу деп сурады.
"Эми аны отуруп чыккан сиз жакшы билесиз", — деди Токторбаев.
Ал эми Сатыбалдиев "мен отуруп чыкканым үчүн сыймыктанам, балким отурбасам мындай даражага жетпейт элем" деп, жогоруда айтылган сөздөр каерде колдонуларын кайра сурады.
"Каякта колдонуларын өзүңүз жакшы билесиз да. Ошо сиз отурган жерде колдонот", — деди Токторбаев.
Сатыбалдиев бул сөздөр расмий трибунадан айтылганын белгиледи.
"Сиз бул жакка чыгып добуш бербегиле, туура эмес мыйзам деп кычып атпайсызбы. Анан эмне дейин? Кучактап өбөйүнбү?" — деп ызаланды Токторбаев.
Төрага депутаттарды бири-бирин сыйлап, бийик трибунадан өйдө-төмөн сөздөрдү айтууда этият болууга чакырды. Сатыбалдиев төрагадан "депутат кайсы бир маселе боюнча каршы добуш бергиле же добуш бербегиле деп үгүттөгөнгө акысы барбы?" деп сурады. Спикер буга ар бир депутаттын өз позициясын айтууга укугу бар экенин, бирок үгүттөөгө акысы жоктугун белгиледи.
Сатыбалдиев анда эмнеге Токторбаев депутаттарды мыйзам долбоорун колдоп коюуга чакырганын сурады. Төрага документтин автору катары ага үгүт жасоого жол берилерин айтты.
"Мен стенограмма менен ЖМКлар үчүн айтып коеюн. Жеңиш Шерматович, экөөбүздүн ортобузда эсеп ачылса, сиз мени 1:0 менен уттуңуз. Мага абдан эле копол тийдиңиз. Азыр дагы кычып жатасыз деп айтуудасыз. ЖМКларда сиздин сөздөрүңүз жүрөт. Бул жагынан утуп алдыңыз. Бирок мындай утуштун кереги жок. Мен сабырдуулугум менен бир аз чыдап койдум. Мен сизге теңелип же мыйзамыңызга каршы чыгып жатып жеке сөздөрдү айткым келбейт. Дагы бир жолу жарыялап коеюн, сиз уттуңуз. Бирок бул убактылуу жана жалган утуш. Чоң рахмат, менин суроом жок. Жооп бербей эле койсоңуз болот. Жооп берип жатып мени дагы капа кылып аласыз", — деди Сатыбалдиев.
"Айта турган сөз көп, таарынасыз да", — деди Токторбаев.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2023
Байсалов мазактасын деп шайландык беле? Депутаттар чара көрүүнү талап кылууда
Жаңылыктар түрмөгү
0