00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Когда тают ледники: может ли искусственный лёд решить проблему воды - о технологии с ее реализатором
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Шералы Сыдыков атындагы спорттук колледж — улуттук курама үчүн чемпиондорду даярдаган башкы мектеп
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Воздушный кодекс, «черный список» и борьба с туманом – беседа с главой Агентства гражданской авиации
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Буллингди кадимки уруш-талаштан кантип айырмалайбыз? — балдар психологу менен маек
11:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Инновациялык кесиптер институту — кайсы багыттагы адистерди даярдайт?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Байсалов: бийлик 12 жылдык билим берүүдөн баш тарткан жок

© Пресс-служба правительства КРМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2023
Жазылуу
Мурдагы билим берүү министри 12 жылдык окуу системасын жактап аргументтерди келтиргени менен долбоор колдоо тапкан эмес.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Кыргызстан мектептерди 12 жылдык билим берүүгө өткөрүүдөн баш тарткан жок. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Анын айтымында, реформага парламенттин депутаттарынын бири тоскоолдук кылган. Кыргызстан баары бир 12 жылдык билим берүүгө өтөт. Бирок ал так мөөнөтүн айткан жок.
"Биз өзүбүздү өзүбүз көтөрүшүбүз керек. Азыр Тынч океандан Атлантикага чейинки эң артта калган мамлекетпиз. Учурда улам жылдырылып жаткан маселелер абдан көп. Маанисиз нерселерге алаксып кетип жатабыз. Биз 12 жылдык билим берүү болушун жактап жатабыз жана ошондой болот. Биздин жаштар талаада иштеп, таштанды чогултушун каалабайбыз. 12 жылдык окуу системасы дүйнө жүзүндө бар. Биз буга мурда эле өтүшүбүз керек болчу. Ошондуктан министрлер кабинети ушул позицияда турат. Бир депутат отуруп алып талап койгондуктан реформанын мөөнөтүн жылдырууга туура келди", — деди Байсалов.
2022-жылдын декабрь айында Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети Азия өнүктүрүү банкынын 12 жылдык билим берүү системасына өтүү үчүн 40 миллион доллар бөлө турган долбоорун жактырган эмес. Кээ бир депутаттар ата мекендик мектептер менен коомчулук жаңы системага даяр эмес экенин белгилешкен.
Комитеттин жыйынында ошол кездеги билим берүү министри 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктарын айтып, аргументтерди келтирген.
Чет өлкөдө окугусу келген көпчүлүк жарандар чет элдик жогорку окуу жайлар 12 жылдык билимди талап кыларын айтып, жаңы системага өтүүнү колдошкон. Буга байланыштуу КР абитуриенттери мындай окуу жайларга тапшыруу үчүн бир жылдык курстарга барууга аргасыз болуп келишет. Мындан тышкары, учурда Кыргызстанда балдардын көбү нөлүнчү класска барып, ансыз деле 12 жыл окушат. Бирок бул нерсе аттестатка кирбей калып жатат. Билим берүү министрлиги бул практиканы мыйзамдаштырууну каалаган.
Мектеп бүтүрүүчүлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2023
Быйыл "алтын сертификатты" 54 абитуриент алды
Жаңылыктар түрмөгү
0