КР, РФ жана Казакстан жеке маалыматтарды алмашуу жөнүндөгү макулдашууну жактырды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүДокументтер менен папкаларды кармап жаткан адам. Архив
Документтер менен папкаларды кармап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2023
Жазылуу
Президенттин администрациясы кайсы документтер боюнча маалыматтарды алмашуу мүмкүн экенин түшүндүрдү.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Кыргызстан, Казакстан жана Рссиянын ортосунда жеке маалыматтарды алмашуу чөйрөсүндөгү административдик маселелер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндөгү макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Садыр Жапаров тийиштүү мыйзамга кол койду. Макулдашууга 2020-жылдын декабрь айында кол коюлган. Ал эми ратификация жөнүндөгү мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан үстүбүздөгү жылдын май айында кабыл алынган.
Макулдашуунун алкагында маалыматтарды алмашуу жүргүзүлөт:
макулдашуунун тараптарынын жарандыгы бар экендиги (жоктугу);
тараптардын аймагында туруктуу болууга (жашоого) укук берүүчү документтердин бар экендиги;
тараптардын жарандарынын, үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын жана жарандыгы жок адамдардын жашаган жери (турган жери) боюнча миграциялык каттоого коюу же каттоо;
макулдашуунун тараптарынын аймагына кирүүгө укук берүүчү визаларды берүү;
тараптардын аймактарында субъектинин атына катталган кыймылсыз мүлк жөнүндөгү жеке маалыматтар;
тараптардын аймактарында жеке маалыматтар субъектинде болгон мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелер;
тараптардын аймактарында жеке маалыматтар субъектин кылмыш-жаза же административдик жоопкерчиликке тартуу;
ким экендигин ырастоочу документтер.
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Аткаруу комитетинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө аталган макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылышы жөнүндө билдирүүлөр Казакстан жана Россия Федерациясынан келип түшкөн.
Мында кыргыз тараптан макулдашуунун аталган жол-жоболору аяктагандан кийин гана күчүнө кирет.
Күн электр станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2023
Пресс-борбор
Россиялык компания Көлдө электр станциясынын курулушуна инвестор болот
Жаңылыктар түрмөгү
0