21-июнга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЧүй облсундагы айылдардын бири. Архив
Чүй облсундагы айылдардын бири. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2023
Жазылуу
22-июнга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Шаршембиде тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда, өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас аймагында +27...+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл чөлкөмүндө +23...+28 жана Нарын жергесинде +22...+27 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +30...+32, Ош калаасында +34...+36, Чолпон-Ата шаарында +24...+26 градус болот.
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ленин районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн улук офицери Арген Кабылбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2023
Радио
Бир куткаруучу суудагы канча кишиге жооптуу? ӨКМдин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0