https://sputnik.kg/20230619/elektrosamokatty-aydoo-boyuncha-erezheler-1076378000.html
Электросамокатты айдоо боюнча эрежелер. Мыйзам долбоору даярдалууда
Электросамокатты айдоо боюнча эрежелер. Мыйзам долбоору даярдалууда
Sputnik Кыргызстан
Эл өкүлү эреже бузгандар айыпка жыгыларын айтты. 19.06.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-06-19T14:53+0600
2023-06-19T14:53+0600
2023-06-19T14:53+0600
пресс-борбор
кыргызстан
эреже
жол кырсык
депутат
жогорку кеңеш
мыйзам
электросамокат
https://sputnik.kg/img/07e7/06/13/1076376039_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_5ad5b4a0bf6a234b8257aa614e7cbfc2.jpg
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Кыргызстанда парламентарийлер электросамокатты айдоону жөнгө салган мыйзам долбоорун даярдап жатканын айтты.Ал "Кыргызстанда электросамокат менен жүрүүнү кантип жөнгө салууга болот" деген темада Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде айтып берди.Акыркы учурда электросамокат тепкендер жол кырсыгына кабылган учурлар арбын кездешүүдө. ИИМ бул жаатта түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.Маматалиевдин айтымында, аталган долбоордо электросамокатта жүрүүнүн ылдамдыгына чек коюшпайт, башкысы, алар атайын белгиленген жол менен жүрүшү керек.Ал башка транспорт каражаттары сыяктуу айдоого атайын көбөлүк берилбестигин, болгону аны башкара тургандар каска, колун, чыканагын сактай турган жана башка жабдууларды коопсуздук үчүн кийүү зарылдыгын белгилеген."Самокатты ижарага тапшыргандар милдеттүү түрдө аталган буюмдун техникалык абалына көз салып, анан пайдаланууга бериши керек. Сентябрга чукул мыйзам долбоорун кабыл алабыз. Аны менен катар эле Эреже бузуу кодексине түзөтүү киргизебиз. 500, 1000 сом суммасына чейинки айып пулдар бекитилет", — деген Маматалиев.Депутат жакында ЖК депутаттары жайкы эс алууга чыгарын, азырынча ИИМ жана башка органдарга самокатты ижарага бергендерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турууну суранышканын билдирди.Бул маселе боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу төмөнкүлөрдү билдирди.Анын айтымына караганда, эгерде самокат минген адам жол кырсыгына катышса, ал кадимки жол кырсык катары катталат.
https://sputnik.kg/20220802/joldo-juruu-erejesi-samokat-elektrosamokat-myizam-toluktoo-1066484808.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/06/13/1076376039_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_e9ef56683859d76a31d507766d4a3438.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, эреже, жол кырсык, депутат, жогорку кеңеш, мыйзам, электросамокат
кыргызстан, эреже, жол кырсык, депутат, жогорку кеңеш, мыйзам, электросамокат
Электросамокатты айдоо боюнча эрежелер. Мыйзам долбоору даярдалууда
Эл өкүлү эреже бузгандар айыпка жыгыларын айтты.
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Кыргызстанда парламентарийлер электросамокатты айдоону жөнгө салган мыйзам долбоорун даярдап жатканын айтты.
Ал "Кыргызстанда электросамокат менен жүрүүнү кантип жөнгө салууга болот" деген темада Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде айтып берди.
Акыркы учурда электросамокат тепкендер жол кырсыгына кабылган учурлар арбын кездешүүдө. ИИМ бул жаатта түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.
Маматалиевдин айтымында, аталган долбоордо электросамокатта жүрүүнүн ылдамдыгына чек коюшпайт, башкысы, алар атайын белгиленген жол менен жүрүшү керек.
"Мындан сырткары, эки киши минип кеткенге боло турган самокаттар бар, эгер андай болсо экөө тепсе уруксат берилет. Ал эми чыгаргандар бир эле кишиге ылайыкталган деп көрсөтсө, анда экинчисин кошо тургузуп алууга болбойт. Себеби ал өтө кооптуу. Кеп электросамокаттардын ар кыл түрү туурасында жүрүп жатат. Аларга жарыкты чагылдыруучу каражаттар милдеттүү түрдө чапталышы керек", — деген депутат.
Ал башка транспорт каражаттары сыяктуу айдоого атайын көбөлүк берилбестигин, болгону аны башкара тургандар каска, колун, чыканагын сактай турган жана башка жабдууларды коопсуздук үчүн кийүү зарылдыгын белгилеген.
"Самокатты ижарага тапшыргандар милдеттүү түрдө аталган буюмдун техникалык абалына көз салып, анан пайдаланууга бериши керек. Сентябрга чукул мыйзам долбоорун кабыл алабыз. Аны менен катар эле Эреже бузуу кодексине түзөтүү киргизебиз. 500, 1000 сом суммасына чейинки айып пулдар бекитилет", — деген Маматалиев.
Депутат жакында ЖК депутаттары жайкы эс алууга чыгарын, азырынча ИИМ жана башка органдарга самокатты ижарага бергендерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турууну суранышканын билдирди.
Бул маселе боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу төмөнкүлөрдү билдирди.
"Электросамокаттарды көпүрөлөргө, тоннелдерге, темир жолдорго, жолдун жөө кишилер өткөн жерине беш метрден жакын калтырууга болбойт. Ал эми аялдамага 15 метрден жакын аралыкта калтырбаш керек. Биздин сунуш боюнча, аларды велосипед жолдорунда, алар жок болсо жолдун чекеси менен тебиш керек. Эгерде тротуарда жөө кишиге тоскоолдук жарата турган болсо, алгач өткөрүп жиберип, андан соң жолун улашы керек. Эгерде жер алдындагы өтмөктө, көпүрөдө, жолдун жөө адамдар өтө турган чийининде самокаттан түшүп, аны жетелеп өтүшү зарыл", — деген Айтикул уулу.
Анын айтымына караганда, эгерде самокат минген адам жол кырсыгына катышса, ал кадимки жол кырсык катары катталат.