Жоокер — бирөөнүн алмончоктой баласы. Жапаров аскер жетекчилерине эскертүү берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында
Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2023
Жазылуу
Мамлекет башчысы "погончон кылмышкерлер" менен тынымсыз күрөш туурасында баса белгиледи.
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйынында күч түзүмдөрүндө иштегендерге, жетекчилерге, офицерлерге кайрылып, мамлекеттик коргоо жөндөмдүүлүгүнө доо кетирсе, жоокерлерге ыдык көрсөтүүгө жол берсе жоопко тартыларын айтып, катуу эскертүү берди.
Төмөндө мамлекет башчынын бул жаатта сүйлөгөн сөзүн толук беребиз.
Көптөгөн жылдар бою Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө жетишерлик көңүл бурулбай келген. Бюджет тартыштыгына байланыштуу мамлекетибиздин коргонуу жөндөмдүүлүгүнө бөлүнгөн каражат коргонуу жөндөмдүүлүгүн минималдуу деңгээлде дагы кармап турууга жетишсиз болгон.
"Эгер тынчтыкты кааласаң, согушка даяр бол" деген эл оозундагы накыл кеп баарыбызга маалым. Албетте, бул сөз согушка даярданышыбыз керек дегенди түшүндүрбөйт. Болгону биздин мамлекетибиз үчүн кандай гана коркунучтар болбосун, алардын мизин кайтарууга бардык зарыл жана адекваттуу чараларды көрүү керектигин эскертип турат.
Соңку мезгилде бул багытта көп иштер жасалды. Аскер кызматкерлерин кызматтык турак жай менен камсыз кылууга, аларды акчалай, кийим-кечек жана жана азык-түлүк жактан камсыз болушун жогорулатууга, жашоо шарттарын жана башка инфратүзүм түзүп берүүгө далалат кылып жатабыз. Бул багытта иш улантылат.

Жоокерлерге мамиле туурасында

Мамлекет аскер кызматкерлерине кам көрүүгө, аларга атадай акыл-насаат айтып, энедей мээрим төгүп мамиле кылууга тийиш.
Ар бир аскер, мейли укук коргоо органдарынын, же мейли атайын органдардын кызматкери болсун, ал – эң ириде кимдир бирөөнүн аскар тоодой атасы, же түбөлүк жары, же алмончоктой баласы. Бир эле кыргыз жоокерин жоготуу – бүтүндөй элибиздин орду толгус жоготуусу, кайгысы.
Биз, баарыбыз, тынчтыкта жана ынтымакта жашагыбыз келет. Тынчтык болсо, биримдик болсо мамлекетибиздин жаркын келечеги болот, кийинки муундарыбыз, урпактарыбыз бакубатчылыкта өмүр сүрөт. Дал ушундай максат үчүн мамлекетибиздин коргонуу жөндөмдүүлүгүн эң жогорку деңгээлде кармап турууга бардык күч-аракеттерибизди жумшашыбыз керек.

"Погончон кылмышкерлер" туурасында

Ал эми Ата Мекенине кыянаттык кылып, мамлекетке зыян алып келгендерге – андайлардын кайда, кандай кызматтарды ээлегенине карабастан, сөзүбүз кыска, мамилебиз кескин болот. Билесиздер, күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын өздүк курамынын арасында мындай "погончон кылмышкерлер" менен тынымсыз күрөш жүрүп жатат. Мындайдар аныкталып, жолу торолуп, бөгөт коюлуп, аларга карата кылмыш иши козголуп, камакка алынууда.
Мындай күрөш жеке эле аскер кызматкерлеринин арасында эмес, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, соттордун, прокуратура, улуттук коопсуздук, бажы жана башка органдардын кызматкерлеринин арасында да жүргүзүлүп жатканын баса белгилеп айтып кетейин.
Мыйзам бузган же пара талап кылган ким болбосун, ал улуттук коопсуздугубузга доо кетирип, коргонуу жөндөмдүүлүгүбүзгө сокку урган болуп эсептелет. Андайларды биз кечирбейбиз, алар мамлекеттин каарын жон териси менен сезиши керек.
Аскер кызматкери болобу, же чиновник болобу, же укук коргоо жана атайын органдардын кызматкерлери болобу, биздин коргонуу жөндөмдүүлүгүбүзгө доо кетире турган болсо эң катаал жазага тартылат. Дагы бир жолу кайталайм, андай Ата Мекендин чыккынчыларына эч кандай кечирим болбойт.
Мен эки күн мурун эле бардык мамлекеттик кызматкерлерге да кайрылдым. Бүгүнкү олуттуу жыйыныбыздын жүрүшүндө да кайталап айтып кетейин. Мамлекеттин мүлкү, казынасы, каражаты 33 жылдан бери ар кандай жолдор менен уурдалып, тонолуп келди. Ошол үчүн мамлекетибиз алдыга жыла албай, өнүгө албай ушундай акыбалга жетти. Мындан ары буга жол бербейбиз. Мындан ары уурдаган сумманы эки эсе эмес, 5-10 эселеп кайтартканга болгон күчүбүздү жумшайбыз, мыйзамдуу жолдорун табабыз же жаңы мыйзам чыгарабызбы, биз ошого баратабыз.

"Генералдарга, офицерлерге кайрылам"

Ошондуктан мен бүгүн бир гана коргоо министрине эмес, катышып жаткан күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын бардык жетекчилерине, генералдарга жана өлкө офицерлерине кайрылам. Силер мамлекетибизге кандай гана ички жана тышкы коркунучтар болбосун, толук кандуу каршы турууга бардык чараларды көрүүгө түздөн-түз милдеттүүсүңөр. Ошону менен бирге улуттук коопсуздукту бузууга кандай гана аракеттер болбосун, коркунучтарды алдын алууда ыкчам жана кесипкөйлүк менен аракеттенүүңөр кажет.
Өлкөбүзгө каршы террордук, экстремисттик коркунучтар же башка куралдуу агрессия болсо өз учурунда, эң башкысы, натыйжалуу бөгөт коюлуп, жок кылынышы керек.
Бул жерде катышып жаткандардын бардыгы өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана бүтүндөй улуттук коопсуздукту камсыз кылууга жооптуу кызмат адамы болуп эсептелесиңер. Мындан улам элибиз менен бирге мен биринчи кезекте дал ушул жерде отургандардан, андан кийин силердин кол алдыңардагы кызматкерлерден улуттук коопсуздуктун абалы тууралуу сурайбыз.
Коргоо министрлигинин жетекчилиги мезгилден артта калбай, мыкты эл аралык тажрыйбаларды иликтеп, талдап турушу керек. Өлкөнүн коргонуу жөндөмүн бекемдөө жана күчтөндүрүү максатында өзүнүн күнүмдүк ишине мыкты методикаларды жана иштөө механизмдерин киргизиши керек.
Ошол эле учурда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жетекчилиги аскер кызматкерлеринин моралдык-психологиялык абалын ар дайым чыңдап турушу керек. Аскер кызматкерлеринин арасында чыр-чатакка жана уставдан тышкары мамилелерге жол бербей, алардын мекенчилдик сезимин, атуулдук ар-намысын жогорулатуу боюнча иш алып барып, аскер уставдарын так сактап, талаптарын так аткаруу керек.
Мындай иштерде Кыргызстандын жаңы Аскердик доктринасын ишке ашыруу олуттуу көмөк көрсөтөт.
Алар өлүм менен бет келген. Жапаров чек арачыларга компенсация берүү боюнча айтты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2023
Алар өлүм менен бет келген. Жапаров чек арачыларга компенсация берүү боюнча айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0