12-июнга карата аба ырайы

© AFP / JUAN MABROMATAДарактын жалбырактарындагы жамгыр тамчылары
Дарактын жалбырактарындагы жамгыр тамчылары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2023
Жазылуу
12-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28...+33, Таласта +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көлдө +27...+32 жана Нарында +28...+33 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +31...+33, Чолпон-Атада +25...+27 жана Ош шаарында +35...+37 градусту көрсөтөт.
Пешеходы переходят проспект Чуй в Бишкеке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2023
Күндүн табы кайтабы? Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0