https://sputnik.kg/20230606/kyrgyzstanga-katardyn-emiri-keldi-1076004950.html
Кыргызстанга Катардын эмири келип, аэропорттон Жапаров өзү тосуп алды
Кыргызстанга Катардын эмири келип, аэропорттон Жапаров өзү тосуп алды
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик сапардын алкагында өлкө лидерлери эртең, 7-июнда, тар жана кеңейтилген форматтарда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. 06.06.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-06-06T20:07+0600
2023-06-06T20:07+0600
2023-06-06T20:24+0600
кыргызстан
катар
эмир мырзабеков
мамлекеттик сапар
саясат
https://sputnik.kg/img/07e7/06/06/1076003552_53:159:2692:1644_1920x0_80_0_0_39bb5a83d4ca9f3b8d3b9f046742870c.jpg
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани бүгүн, 6-июнда, мамлекеттик сапар менен алгачкы ирет Кыргызстанга келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.Конокту "Манас" эл аралык аэропортунан жогорку өлкө башчы Садыр Жапаров өзү тосуп алды.Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди.Аэропортто көчмөн элдин өзгөчөлүгүн көрсөткөн ички жасалгалары менен боз үй шекилинде инсталляция орнотулду.Улуттук кийимчен эркектер бүркүтчү жана тайганчынын катышуусунда салттуу маданияттын элементтерин көрсөтүштү. Бул маалда ансамблдин артисттери кыргыздын улуттук бийлерин аткарып турушту.Катардын эмирин аэровокзалдын имаратынын алдында аттары менен 10 чабандес жигит жана "Алптар" баатырлары тосуп алышты.Садыр Жапаров жана шейх Тамим бин Хамад Аль Тани кыргыз артисттеринин, элдик жана фольклордук-этнографиялык жамааттардын катышуусундагы концерттик программаны көрүштү.Катардын эмири улуттук маданиятка, кыргыз боз үйүнүн жасалгасына, таза кандуу кыргыз тайганынын өзгөчөлүктөрүнө болгон кызыгуусун жашырган жок.Мамлекеттик сапардын алкагында өлкө лидерлери эртең, 7-июнда, тар жана кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат.Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.
https://sputnik.kg/20230605/bishkekte-ayrym-kocholor-zhabylat-1075967752.html
катар
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/06/06/1076003552_322:0:2514:1644_1920x0_80_0_0_97ce4b2c88779731ffeae9f2d21c7a6b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, катар, эмир мырзабеков, мамлекеттик сапар, саясат
кыргызстан, катар, эмир мырзабеков, мамлекеттик сапар, саясат
Кыргызстанга Катардын эмири келип, аэропорттон Жапаров өзү тосуп алды
20:07 06.06.2023 (Жаңыртылды: 20:24 06.06.2023) Мамлекеттик сапардын алкагында өлкө лидерлери эртең, 7-июнда, тар жана кеңейтилген форматтарда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани бүгүн, 6-июнда, мамлекеттик сапар менен алгачкы ирет Кыргызстанга келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани бүгүн, 6-июнда, мамлекеттик сапар менен алгачкы ирет Кыргызстанга келди
Конокту "Манас" эл аралык аэропортунан жогорку өлкө башчы Садыр Жапаров өзү тосуп алды
Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди
Аэропортто көчмөн элдин өзгөчөлүгүн көрсөткөн ички жасалгалары менен боз үй шекилинде инсталляция орнотулду
Улуттук кийимчен эркектер бүркүтчү жана тайганчынын катышуусунда салттуу маданияттын элементтерин көрсөтүштү
Садыр Жапаров жана шейх Тамим бин Хамад Аль Тани кыргыз артисттеринин, элдик жана фольклордук-этнографиялык жамааттардын катышуусундагы концерттик программаны көрүштү
Катардын эмири улуттук маданиятка, кыргыз боз үйүнүн жасалгасына, таза кандуу кыргыз тайганынын өзгөчөлүктөрүнө болгон кызыгуусун жашырган жок

Конокту "Манас" эл аралык аэропортунан жогорку өлкө башчы Садыр Жапаров өзү тосуп алды.
Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди.
Аэропортто көчмөн элдин өзгөчөлүгүн көрсөткөн ички жасалгалары менен боз үй шекилинде инсталляция орнотулду.
Улуттук кийимчен эркектер бүркүтчү жана тайганчынын катышуусунда салттуу маданияттын элементтерин көрсөтүштү. Бул маалда ансамблдин артисттери кыргыздын улуттук бийлерин аткарып турушту.
Катардын эмирин аэровокзалдын имаратынын алдында аттары менен 10 чабандес жигит жана "Алптар" баатырлары тосуп алышты.
Садыр Жапаров жана шейх Тамим бин Хамад Аль Тани кыргыз артисттеринин, элдик жана фольклордук-этнографиялык жамааттардын катышуусундагы концерттик программаны көрүштү.
Катардын эмири улуттук маданиятка, кыргыз боз үйүнүн жасалгасына, таза кандуу кыргыз тайганынын өзгөчөлүктөрүнө болгон кызыгуусун жашырган жок.
Мамлекеттик сапардын алкагында өлкө лидерлери эртең, 7-июнда, тар жана кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат.
Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.