Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бизнес-тренер: адам баласы бул дүйнөдө эки ирет жаралат

© Sputnik / Асель СыдыковаЖазуучу, жеке ишкер, бизнес-тренер Чыӊгыз Исмаилов
Жазуучу, жеке ишкер, бизнес-тренер Чыӊгыз Исмаилов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2023
Жазылуу
Жазуучу, жеке ишкер, бизнес-тренер Чыӊгыз Исмаилов биринчи китебин 21 жашында жазганын айтты.
Студенттик курагында эле алгачкылардан болуп чечендик өнөр боюнча сабактарды негиздеп, жаштарга дем-күч, туура багыт көрсөтө турган сегиз китептин автору Чыӊгыз Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып адамзаты бул жашоодо максат коюп жашаганды билиши керектигин айтты.
Бизнес-тренер: адам баласы бул дүйнөдө эки ирет жаралат
Ал "Секреты общения или как достичь успеха молодому человеку в современном обществе" деп аталган биринчи китебин оратордук өнөр боюнча машыктыруу тажрыйбасынын натыйжасында 21 жашында жазганын белгиледи.
"Негизи адамзаты бул дүйнөдө эки ирет жаралат. Биринчисинде бул дүйнөгө төрөлүп келсе, экинчи учурда кесип тандаганда ушунчалык көзү ачылып, дүйнөгө көз карашы өзгөрөт. Менин жазуучулук өнөрүм 9-10-класста башталган. Ал кезде интернет, телефон жок болгондон уламбы, ичтеги ой-толгоо, кыялдарымды жазып, Блиц-Инфо жана "Ай-данек" балдар гезитине жөнөтсөм, басылып чыгып калды. Ушинтип жүрүп жазуучулук жөндөмүм күчөдү. Негизи бир иштин чебери болгуӊ келсе ага 10 миӊ саат бөлүшүӊ зарыл деп айтылат. Менин алдыга талпынып, сабакты мыкты окушума себепкер байкем экөөбүздү жалгыз тарбиялаган апам болду. Ал дайыма менин жогорку окуу жайда окуп, интеллигент адам болуумду каалачу. Борбор калаадагы КРСУга бюджетке өтүп, филология факультетинде эки жылдай баш көтөрбөй окудум. Ошол учурда байкасам көптөгөн таланттуу, жакшы окуган балдар билип турса да өз оюн кеӊири жеткире албай, сүрдөп, уялат экен. Ошентип алгачкылардан болуп чечендик өнөр боюнча сабактарды негиздеп, балдарга үйрөткөнчө өзүм да такшалдым. Ошол учурда жаштар "Кантип туура максат коюу керек, кантип күчтүү тараптарыбызды аныктайбыз?" деген суроолорду көп беришти. Ал учурда өзүм да бул суроолордун жообун билген жокмун. Изилдеп, окуп, казып жатып жаштарга тажрыйбам менен бөлүштүм. Анын негизинде кийинки муунга дем-күч, туура багыт көрсөтө турган жалпы сегиз китеп жаздым. Мен ошентип өзүмдүн кесибимди, жашоодогу миссиямды аныктап алдым. Жазган китептерим окурмандарга турмуштук маанилүү маселелерди чечүү боюнча жоопторду жана сунуштарды алууга жардам бере турган практикалык колдонмо болуп саналат", — деди Исмаилов.
Ал китептери өзүн-өзү таанууга кызыккан, жеке өсүүгө умтулган жана жашоосун башкарууну үйрөнгүсү келгендерге арналарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0