Бишкектин айрым жерлеринде 6-июнда суу өчөт. Даректер

© Фото / Pexels/ Nithin PAСуу. Архив
Суу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2023
Жазылуу
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жашоочулардан кечирим сурап, таза сууну алдын ала камдап алууну эскертти.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. 6-июнда борбор калаанын айрым райондорунда суу өчүрүлөт. "Бишкек суу канал" ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул күнү саат 09:00дөн 22:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине, өнөр жай ишканаларына таза суу берүү токтотулат.
Суу Аул, Элебесов көчөлөрүндө, Кара-Жыгач токоюнун аймагында, анын ичинде: Керамика, Чалбай, Кайыңды, Суворов турак жай конуштарында болбойт. Арал тилкесиндеги (Кара-Жыгач токою) суу өткөргүчтөгү авариялык абалды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жашоочулардан кечирим сурап, таза сууну алдын ала камдап алууну эскертти.
Душ краны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2023
Кыргызстанда ысык суу менен жылуулуктун баасы кымбаттады
Жаңылыктар түрмөгү
0