https://sputnik.kg/20230602/indiya-poezd-kyrsyk-adam-omur-vagon-kutkaruu-1075907210.html
ЖМК: Индияда поезддер сүзүшүп, каза болгондордун саны 50гө жетти
ЖМК: Индияда поезддер сүзүшүп, каза болгондордун саны 50гө жетти
Sputnik Кыргызстан
Поезддер кагылышканда анын бир нече вагону темир жолдон чыгып кеткен. 02.06.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-06-02T23:25+0600
2023-06-02T23:25+0600
2023-06-02T23:28+0600
дүйнөдө
индия
поезд
кырсык
адам
өмүр
вагон
куткаруу
https://sputnik.kg/img/103982/32/1039823200_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_1d70c97115bc23a89bd1d956a42093ab.jpg
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Индияда жүргүнчү ташыган поезд менен жүк ташыган поезд сүзүшүп, кеминде 30 адам көз жумду. Кырсык тууралуу РИА Новости агенттиги Индиянын маалымат каражаттарына таянып жазды.Кийинчерээк Hindustan Times басылмасы кырсыктан каза болгондордун саны 50гө жеткенин маалымдады.Окуя бүгүн кечке маал Баласор шаарына жакын жерде болгон. Анда 350 адам жабыркаган. Поезддердин кагылышуусунан темир жолдон бир нече вагон чыгып кеткен.Кырсыктын кесепеттерин жоюу жана андан жабыркагандарды куткаруу, издөө иштерине Индиянын улуттук кызматтарынан 100дөн ашык адам тартылган. Айрым маалыматтар боюнча, жүргүнчүлөрдүн көбү оодарылып кеткен вагондун алдында калган.
https://sputnik.kg/20230501/bryanskide-temir-zhol-zhardyryldy-1074918286.html
индия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103982/32/1039823200_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_3e3fcf5f34f4008bd9b1b4b645ec53de.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, индия, поезд, кырсык, адам, өмүр, вагон, куткаруу
дүйнөдө, индия, поезд, кырсык, адам, өмүр, вагон, куткаруу
ЖМК: Индияда поезддер сүзүшүп, каза болгондордун саны 50гө жетти
23:25 02.06.2023 (Жаңыртылды: 23:28 02.06.2023) Поезддер кагылышканда анын бир нече вагону темир жолдон чыгып кеткен.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Индияда жүргүнчү ташыган поезд менен жүк ташыган поезд сүзүшүп, кеминде 30 адам көз жумду. Кырсык тууралуу
РИА Новости агенттиги Индиянын маалымат каражаттарына таянып жазды.
Кийинчерээк
Hindustan Times басылмасы кырсыктан каза болгондордун саны 50гө жеткенин маалымдады.
Окуя бүгүн кечке маал Баласор шаарына жакын жерде болгон. Анда 350 адам жабыркаган. Поезддердин кагылышуусунан темир жолдон бир нече вагон чыгып кеткен.
Кырсыктын кесепеттерин жоюу жана андан жабыркагандарды куткаруу, издөө иштерине Индиянын улуттук кызматтарынан 100дөн ашык адам тартылган. Айрым маалыматтар боюнча, жүргүнчүлөрдүн көбү оодарылып кеткен вагондун алдында калган.