00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Мектептердин жана бала бакчалардын директорлору эми кандай тандалат. Министрлер Кабинети жаңы тартипти бекитти
15:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Личный интерес
«Огонь памяти» в Кыргызстане: лампады от Вечного огня доставили в Бишкек и Ош
16:06
29 мин
Личный интерес
Стройка будущего: Бишкек принял международную выставку строительных технологий
16:36
24 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Тема дня
On air
18:08
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Балетмейстер: "Бий өнөр" — кыргыз бий искусствосундагы тарыхый иш-чара

© Sputnik / Асель СыдыковаКР эл артисти, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын хореография режиссеру кафедрасынын доценти, балетмейстер Зарылбек Молдобакиров
КР эл артисти, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын хореография режиссеру кафедрасынын доценти, балетмейстер Зарылбек Молдобакиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2023
Жазылуу
КР эл артисти, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын хореография режиссеру кафедрасынын доценти, балетмейстер Зарылбек Молдобакиров "Бий өнөр" кароо-сынак фестивалынын максаты тууралуу айтып берди.
Үстүбүздөгү жылдын 10-11-июнунда Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылындагы "Барчын" өспүрүмдөр борборунда I республикалык "Бий өнөр" кароо-сынак фестивалы өтөт. Иш-чара балетмейстер жана бий коюучу кесибин даӊазалоо, салттуу бий өнөрүн колдоо, өнүктүрүү, бий өнөрүнө таандык болгон жаңы чыгармаларды жаратып репертуарды байытуу максатында өтөт. Бул тууралуу Зарылбек Молдобакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Балетмейстер: "Бий өнөр" — кыргыз бий искусствосундагы тарыхый иш-чара
Анын айтымында, кароо-сынак фестивалы эки баскыч менен өтөт.
"Бий өнөр" кароо-сынак фестивалы кыргыз бий искусствосундагы чоӊ тарыхый иш-чара болгону турат. Буга чейин "кыргызда бий болгонбу?" деген суроо дайыма берилип келген. Албетте, кыргыз бийинин тарыхы тереӊ. Фестиваль салттуу бий өнөрүн колдоо, өнүктүрүүнү көздөйт. Сынактын биринчи баскычында жалпысынан 40 бий коллективи катышып, анын 15и тандап алынды. Эми алар республикалык кароо-сынак фестивалынын экинчи финалдык баскычына катышат. Экинчи финалдык баскыч 2023-жылы 10-июнда саат 15:00дө Ысык-Көл облусундагы "Барчын" өспүрүмдөр борборунда өткөрүлөт. Кароо-сынак фестивалы элибизге таандык этнобийлер, кыргыз элдик фольклоруна таандык бийлер, өзгөчө макала сынагы номинациялар боюнча өтөт. Ошондой эле кыргыз элинин байыркы салттуу бий өнөрүнүн илимий өңүттө изилдениши боюнча тегерек стол жана мастер-класс болот. Элдик бийлердин байыркы, этноархаикалык түрүн иштеп чыгуу менен чеберчиликте аткаруу, этномузыкаларынын негизинде кыргыз этнобийлерин чагылдыруу, кыргыз бийлериндеги кыймыл-аракеттердин өзгөчөлүктөрүн ачып берүү менен алардын кесипкөй, чеберчилик менен аткарылышы, элдик бийлердеги кыргыз элинин салт-санаа, үрп-адат, каада-салт жана элдик фольклордун ордун көрсөтүү, кыргыз бийлерин жайылтуудагы жаңыча ыкмалардын колдонулушу жана тарыхый бийлердин унутта калган түрлөрүн жандантып бийлеп чыгуусу каралат. Этнофольклор бийлерди коюуда хореографтын жекече, оригиналдуу бийлерди ойлоп табууларына өзгөчө көӊүл бурулат", — деди Молдобакиров.
Ал этноархаикалык бийлердин кийим-кечеси образдуу, уникалдуу даярдалышы керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0