Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Зеленскийге мамлекеттик чыккынчылык кылган болушу мүмкүн деп иш козголот

© AP Photo / Efrem LukatskyУкраинанын президенти Владимир Зеленский. Архив
Украинанын президенти Владимир Зеленский. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2023
Жазылуу
Бул Леростун Зеленскийди айыптап жаткан биринчи учуру эмес.
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Украина соту Мамлекеттик иликтөө бюросун Владимир Зеленский менен анын командасына мамлекеттик чыккынчылык кылышы мүмкүн деп кылмыш ишин козгоого милдеттендирди. Бул тууралуу Жогорку раданын депутаты Гео Лерос Telegram-каналы аркылуу билдиргенин РИА Новости жазды.
"Мамлекеттик чыккынчылык" беренеси менен Зеленскийге жана анын Ко! компаниясына кылмыш ишин ачууга милдеттендирдик. Кол жоолукка айланган ГБР Зеленскийдин ФСБ агенттерин Коопсуздук кызматынын маанилүү орундарына дайындоодогу чыккынчылыгын иликтөөдөн баш тартканын эскерте кетейин. Биз бул фактыны сотко чейинки иликтөө реестрине киргизүүгө жана сотко чейинки тергөөнү баштоого сот аркылуу милдеттендирдик", — деди депутат.
Анын айтымында, Зеленский, президенттик кеңсенин башчысы Андрей Ермак, анын орун басары Роман Машовец, Коопсуздук кызматынын экс-төрагасы Иван Баканов жана Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысынын мурунку орун басары Руслан Демченко ФСБ агенттеринин атайын кызматка дайындалышы боюнча иште башкы фигуранттар катары сурак бериши керек.
"Мен булардын украин элине каршы жасаган кылмышы үчүн жоопкерчиликтен кутулуп кетүүсүнө жол бербейм", — жеп жазган Лерос.
Эскерте кетсек, былтыр июлда Зеленский Баканов менен башкы прокурор Ирина Венедиктованы аталган ведомстводогу кызматкерлердин мамлекеттик чыккынчылыгы катталган фактылар үчүн иштен алган.
Бул Леростун Зеленскийди айыптап жаткан биринчи учуру эмес. Буга чейин ал президент кеңсесинин башчысы менен курал-жарак жана ок-дары алууда бюджеттен миллиарддаган каражатты уурдаган деп күнөөлөгөн. Депутаттын айтымында, Ермак курулуш холдингиндеги Виктор Медведчуктун үлүшүн өзүнө ыйгарып алган, ал эми анын бир тууганы мамлекеттик кызматтарды сатуу менен алектенип келген.
Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Медведев: Зеленскийди жок кылуудан башка айла жок
Жаңылыктар түрмөгү
0