https://sputnik.kg/20230529/zhaparov-erdogandy-kuttuktady-1075740935.html
"Урматтуу бир тууганым". Жапаров Эрдоганды шайлоодо жеңиши менен куттуктады
"Урматтуу бир тууганым". Жапаров Эрдоганды шайлоодо жеңиши менен куттуктады
Sputnik Кыргызстан
Жапаров эки мамлекеттин ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары бекемделерине ишеним артты. 29.05.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-05-29T09:43+0600
2023-05-29T09:43+0600
2023-05-29T10:05+0600
кыргызстан
түркия
саясат
режеп тайип эрдоган
шайлоо
жеңиш
куттуктоо
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/0d/1054581849_0:221:2835:1816_1920x0_80_0_0_eb2fbe233f40091ee3b7adfacc17f40f.jpg
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганды Түркиядагы президенттик шайлоодо утуп чыгышы менен куттуктады.Ошондой эле Жапаров эки өлкө ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк, боордоштук деминде бекемделе берерине толук ишенерин белгилеген.Белгилей кетсек, кечээ Түркияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп, алдын ала жыйынтык боюнча Эрдоган добуштардын 52 пайызына алып утуп чыккан.14-майдагы президенттик шайлоонун биринчи турунда эч бир талапкер 50 пайыз добуш ала албагандыктан экинчи айлампасын өткөрүү чечими кабыл алынган. Анда Эрдоган добуштардын 49,52 пайызын, атаандашы Кемал Кылычдароглу 44,88 пайызын, Синан Оган 5,17 пайызын алган. Синан экинчи турда Эрдоганды колдоону үндөгөн.
https://sputnik.kg/20230528/sadyr-zhaparov-zhubajy-menen-dobush-berdi-1075716354.html
түркия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/0d/1054581849_392:228:2379:1718_1920x0_80_0_0_7ad20d5f85ef1669f12005821e720823.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, түркия, саясат, режеп тайип эрдоган, шайлоо, жеңиш, куттуктоо
кыргызстан, түркия, саясат, режеп тайип эрдоган, шайлоо, жеңиш, куттуктоо
"Урматтуу бир тууганым". Жапаров Эрдоганды шайлоодо жеңиши менен куттуктады
09:43 29.05.2023 (Жаңыртылды: 10:05 29.05.2023) Жапаров эки мамлекеттин ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары бекемделерине ишеним артты.
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганды Түркиядагы президенттик шайлоодо утуп чыгышы менен куттуктады.
"Урматтуу бир тууганым, Режеп Тайип Эрдоган! Сизди президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы ишенимдүү жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм. Түркия эли сизге чоң ишеним артып, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылуу жаатындагы багытыңызды колдоп беришти. Түркия ачык, атаандаштык жана демократиялык шайлоонун үлгүсүн көрсөттү", — деп жазган мамлекет башчы.
Ошондой эле Жапаров эки өлкө ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк, боордоштук деминде бекемделе берерине толук ишенерин белгилеген.
Белгилей кетсек, кечээ Түркияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп, алдын ала жыйынтык боюнча Эрдоган добуштардын 52 пайызына алып утуп чыккан.
14-майдагы президенттик шайлоонун биринчи турунда эч бир талапкер 50 пайыз добуш ала албагандыктан экинчи айлампасын өткөрүү чечими кабыл алынган. Анда Эрдоган добуштардын 49,52 пайызын, атаандашы Кемал Кылычдароглу 44,88 пайызын, Синан Оган 5,17 пайызын алган. Синан экинчи турда Эрдоганды колдоону үндөгөн.