Дем алыш күндөрү президент баштаган аткаминерлердин футболдук турнири өтөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМурас" футболдук турнири. Архив
Мурас футболдук турнири. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2023
Жазылуу
Оюндар эки күнгө созулуп, 16 команда катышат.
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен салтка айланган кезектеги "Мурас" футболдук турнири өтөт. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Оюндар ушул дем алышта, 27-28-май күндөрү өтөт.
Чүчү кулак кармоонун жыйынтыгы менен тайпалар төмөнкүдөй аныкталган:
А тайпасы: "Президенттин командасы", "Фемида", "Ыйман", "Алга";
В тайпасы: "Спорттук федерациялар", "Жогорку Кеңеш", "Ден соолук", "Аймактар";
С тайпасы: "Коопсуздук", "Бизнес", "Спорт жылдыздары", "Билим";
D тайпасы: "Достук", "Өнөр", "Курултай", "Журналисттер".
Оюндар мурункудай эле эки локацияда: "Газпром - балдарга" ден соолук чыңдоо комплексинде (А жана В тайпалары) жана Кожомкул атындагы спорт сарайында (C жана D тайпалары) өтөт. Ал УТРКнын (А жана В тайпалары) жана ЭлТРдин (C жана D тайпалары) түз эфиринен көрсөтүлөт.
Турнир саат 10.00дө башталат, көрүүнү каалагандардын баарына эшик ачык.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2023
Жаңы машыктыруучу Кыргызстандын футболчулары кандай стилде ойной турганын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0