00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:01
3 мин
Жаңылыктар
09:01
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Максимальный репост
12:05
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
5 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
19:55
5 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Спички и Транспортир
20:06
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Адис балыктын майын кимдерге пайдаланууга болбой турганын айтты

© Фото / Pexels / Leohoho Балыктын майы. Иллюстративдик сүрөт
Балыктын майы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2023
Жазылуу
Адис балык майы иммунитетти көтөрүүгө, кан айланууну, көздүн көрүүсүн жакшыртууга жардам берерин белгилеп, бирок бул азыкты кээ бир адамдар пайдаланууга болбой тургандыгына токтолду.
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Балыктын майы кандын уюп калышын алдын алып, иммунитетти бекемдеп, терини, көздүн көрүүсүн жакшыртат. Бул тууралуу Sputnik радиосуна диетолог Римма Мойсенко айтып берди.
"Балыктын майынын пайдасы көпчүлүккө маалым. Анда D витамини көп болгондуктан Советтер Союзу кезинде итийди алдын алуу үчүн бардык балдарга беришчү. Анда дээрлик бардык витаминдер бар. D витамини бардык азыктардан кальцийди "сууруп" чыгарууга жардам берет, бул өзгөчө балдар менен карылар үчүн маанилүү. А витамини болсо териге жакшы таасир этет, иммунитетти көтөрүп, көздүн көрүүсүн жакшыртат. К1 жана К2 витаминдери уюп калган канды жөнгө салып, тромбду алдын алат. Мындан тышкары, К2 остеопороз жана бөйрөктүн өнөкөт ооруларын алдын алууга жардам берет", – деп түшүндүрдү Римма Мойсенко.
Анын айтымында, балык майынын баалуулугун андагы омега-3 арттырат, ал эң күчтүү антиоксидант болуп саналат.
"Кан тамыр күчтүү болушу үчүн биз тамак-аштан алган май кислоталарында сөзсүз омега-3 да болушу керек", – дейт Римма Мойсенко.
Бирок канчалык пайдалуу болсо да балыктын майын ашыкча жегенге болбойт. Айрым адамдарга андан такыр баш тартууга туура келет.
"Кээ бирлердин балык майына аллергиясы бар, аларга колдонууга болбойт. Уйку бези ферменттерди жетиштүү деңгээлде иштеп чыгара албаган адамдар балыктын майын колдонбогону оң. Балык майын аш кыла албаган, кеч картайып узак жашаган адамдардын организми бардык азыктардан омега-3 май кислотасын ала алат, аларга балык майын колдонууга болбойт", – деди Римма Мойсенко.
Сабиз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2023
Дарыгер көздүн көрүүсүн жакшырткан азыктарды санап берди
Жаңылыктар түрмөгү
0