Өлкөнүн бир катар аймактарында сел жүрүшү мүмкүн! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүСел. Архивдик сүрөт
Сел. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандын бир катар аймактарында сел жүрүшү мүмкүн экенин ӨКМ эскертти.
"20-май күнү күндүн ысышына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү кооптуулугу бар. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ тургундарга жана тиешелүү тараптарга суу каптоонун алдын алып, дренаждык каналдарды, арыктарды тазалап, тереңдетип казууну сунуштады.
Киши көлдө сүзүп жүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2023
Шалаакы болбо! ӨКМ сууга чөгүүдөн сактоочу эрежелерди эскертти
Жаңылыктар түрмөгү
0