Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызстанда жыл башынан бери кызамыктын 320 учуру катталды

© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммунологу Нарынкүл Орозакунова
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммунологу Нарынкүл Орозакунова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2023
Жазылуу
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммунологу Нарынкүл Орозакунова кызамык менен эмдөөдөн өтпөгөн адамдар ооруп калып жатканын айтты.
Буга чейин 2014-2015-жылдары Кыргызстанда эпидемиологиялык жагдай татаалдашып, кызамык оорусу баш көтөргөн эле. 2023-жылдын январь айынан баштап азыркы учурга чейин кызамыктын 320 учуру (Ош облусунда 158, Ош шаарында 74, ал эми Бишкекте 23 учур) катталды. Бул тууралуу Нарынкүл Орозакунова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстанда жыл башынан бери кызамыктын 320 учуру катталды
Анын айтымында, кызамык менен эмдөөдөн өтпөгөн адамдар ооруп калышууда.
"Кызамык — аба аркылуу тез жугуучу вирустук оору. Инфекцияны аталган илдет менен ооруп жаткан адам таратат. Кызамыкка каршы эмдөө албаган адамдар ооруп жаткан бейтаптын жанында өтө кыска убакыт болсо да жуктуруп алышы мүмкүн. Ал эми эмдөөдөн өткөндөр таптакыр оорубайт деп айтпайбыз. Эмделген адам аны жеӊил көтөрөт. Кызамык менен ооруп жаткан адамдын дене табы 40 градуска чыгып мурду бүтөт, кургак жөтөл менен бат-баттан жөтөлөт. Оору башталгандан төртүнчү-бешинчи күнүндө денеге кызыл тактар чыга баштайт. Алгач адамдын кулагынын артына, бетине, мойнуна, андан кийин көкүрөгүнө жана тулку боюна чыгып, кийин колу-бутуна жайылат. Иммунитети начарлар илдеттин оор түрүнө кабылышы мүмкүн. Мунун айынан кулак, мурун көңдөйчөлөрү, өпкө жана мээ сезгенет. Көздүн чел кабыгы бузулуп, көрбөй калгандар дагы бар. Кабылдап кеткенде оору адамды өлүмгө кептейт. Балдарга салыштырмалуу чоӊдор кыйналып, илдетти оор көтөрөт", — деди Орозакунова.
Ал кызамыкты алдын алуунун натыйжалуу жолу эмдөө (балдар 12 айында жана алты жашында алат) экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0