РФ ТИМи: Батыш Борбор Азия өлкөлөрүнө өйдөсүнүп мамиле кылат

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин. Архив
Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2023
Жазылуу
Россияга каршы экономикалык, маалыматтык, укуктук жана аскердик агрессия башталды. Батыштын мындай кооптуу кадамы Борбор Азия аймагына да жасалышы мүмкүндүгү айтылды.
БИШКЕК, 16-май— Sputnik. Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин Батыштын Борбор Азияны алакчылаган мамилеси боюнча мисалдарды келтирди.
Ал Томск шаарында өтүп жаткан "Россия жана Борбордук Азия: өзгөрүп жаткан дүйнө менен өз ара ымалада болуу" деп аталган III борбор азиялык конференциянын отурумуна катышкан.
Галузиндин айтымына караганда, Россиянын тышкы саясий концепциясы коопсуздук, стабилдүүлүк жаатында так, даана аныкталган. Россияны өнүктүрүүдө КМШга мүчө өлкөлөрдүн, анын ичинде Борбордук Азия мамлекеттери менен туруктуу, узак мөөнөттүү, ынтымак-ырашкерликтеги алаканы камсыз кылуу зарыл.
"Бүгүн бул милдетти жөнөкөй эмес геосаясий шарттарда аткарууга туура келип жатат. Англосаксондук гегемония элдердин чыныгы суверендүүлүгүнө, көп тармактуу цивилизациясына негизделген көп полярдуу тартип менен алмашып жатат. Бул эми артка кайтпай турган жана мыйзам ченемдүү процесс. Анткен менен азырынча тең салмактуулук табыла элек. Америка Кошмо Штаттары жана анын камчысын чапкандар ыңгайлуу ыкмаларга ыктап, анын ичинде маммлекеттик террорчулуктун ыкмаларынан да баш тартпай, жылмышып бара жаткан жол көрсөтүүчүлүктү кармап калууга аракеттенүүдө", — деген Галузин.
Россияга каршы экономикалык, маалыматтык, укуктук жана аскердик агрессия башталды. Ал Батыштын мындай кооптуу кадамы Борбор Азия аймагына да жасалышы мүмкүндүгүн белгилеген.
"Батыш биздин өнөктөштөргө Украинадагы атайын операцияны дүйнөлүк коомчулуктун көзүнчө сындап, антироссиялык санкцияларды колдоп-коштосо кошумча инвестицияларды, аскердик жана материалдык жардамдарды берүүгө убада кылууда. Америкалык жана европалык эмиссарлар байма-бай каттап жатышат. Батыш өлкөлөрүнөн импорттун көбөйүшү жана сатылып алынган товарлардын тагдыры тууралуу түшүндүрмө берүүнү уялбай-этпей эле талап кылган инспекцияларды жасашууда. Мунун баары өзүнүн улуттук кызыкчылыгына багытталган саясатын жүргүзүп жаткан эгемен жана көз карандысыз мамлекеттерге үстүртөдөн карап, жактыра бербей жасалган мамиле", — деп белгиледи Галузин.
Саясат таануучу Марс Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2023
Сариев: Борбор Азия басымга карабастан Батыштын айтканы менен боло бербейт
Жаңылыктар түрмөгү
0