Ысык-Көлдө эл аралык Run the Silk road марафону башталды

© Фото / пресс-служба МКИСиМП КРЫсык-Көлдө эл аралык Run the Silk road марафону башталды
Ысык-Көлдө эл аралык Run the Silk road марафону башталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2023
Жазылуу
Марафондун талаптарын аткаргандарга Азия оюндарына, Дүйнө чемпионатына жана Олимпиада оюндарына жолдомо алууга жол ачылат.
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бүгүн, 13-майда, Ысык-Көлдө Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык Run the Silk road марафону башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.
Марафондун салтанаттуу ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана ШКУнун башкы катчысы Чжан Мин катышты.
© Фото / пресс-служба МКИСиМП КР

Бүгүн, 13-майда, Ысык-Көлдө Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык Run the Silk road марафону башталды

Бүгүн, 13-майда, Ысык-Көлдө Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык Run the Silk road марафону башталды - Sputnik Кыргызстан
1/2

Бүгүн, 13-майда, Ысык-Көлдө Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык Run the Silk road марафону башталды

© Фото / пресс-служба МКИСиМП КР

Иш-чарага 20дан ашык өлкөдөн үч миң катышуучу келген

Иш-чарага 20дан ашык өлкөдөн үч миң катышуучу келген - Sputnik Кыргызстан
2/2

Иш-чарага 20дан ашык өлкөдөн үч миң катышуучу келген

1/2

Бүгүн, 13-майда, Ысык-Көлдө Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык Run the Silk road марафону башталды

2/2

Иш-чарага 20дан ашык өлкөдөн үч миң катышуучу келген

Байсалов спортчуларды куттуктап, Run the Silk Road марафону мындан ары да өнүгө берерине ишенерин билдирди.
Иш-чарага 20дан ашык өлкөдөн үч миң катышуучу келген. Арасында Казакстан, Беларусь, Кытай, Өзбекстан, Монголия, Иран жана Кыргызстандан келген алдыңкы спортчулар бар. Старт жана мара Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо болот.
Спортчулар тандаган категория боюнча 42, 21, 10 жана 3 чакырым аралыкка чуркашат. Ал эми скандинавиялык басууга 10 жана 3 чакырым каралган.
Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык Run the Silk road марафону Ысык-Көлдө быйыл 11-ирет өтүп жатат. Ал Борбор Азиядагы эл аралык деген статуска ээ квалификациялык жалгыз жарыш. Мында жеңил атлетика боюнча Олимпиадага, дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына жолдомо берилет. Жалпы байге фонду — 1 534 000 сом.
Спортчулар машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2023
Бишкекте "Жеткинчек" аталышындагы II жалпы шаардык спартакиада өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0