Жапаров Путинди быйыл Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчы Садыр Жапаров жана Россия лидери Владимир Путин
Өлкө башчы Садыр Жапаров жана Россия лидери Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2023
Жазылуу
Сунуш ыраазычылык менен кабыл алынганы айтылды.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путинди 2023-жылы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Сунуш ыраазычылык менен кабыл алынганын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Учурда Москва шаарында Россия менен Кыргызстандын президенттери — Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун жолугушуусу өтүп жатат. Расмий иш сапары менен барган Жапаров 9-майда ардактуу конок катары Жеңиш парадына катышат.
Аны жети министрден тышкары Коопсуздук кеңешинин катчысы, өкмөт башчынын биринчи орун басары, Россиядагы элчи жана Бишкек шаарынын вице-мэри коштоп кеткен.
Кытай лидери Си Цзиньпин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2023
Си Цзиньпин Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларын 16-майда Кытайга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0