Синоптиктер алдыдагы аптада Ошто аба ырайы кандай болорун айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековОш өрөөнү. Архив
Ош өрөөнү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2023
Жазылуу
Абанын температурасы шаршембиде 31 градуска чейин көтөрүлөт.
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, 7-майда көпчүлүк аймактарда, 8-майда айрым жерлерде өткүн өтөт. Ал эми 9-майда күндүн көзү ачылып, 11-майга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши ыктымал.
12-майда көпчүлүк аймактарда, 13-майда айрым жерлерде жамгыр жаай турганы болжолдонууда.
Абанын температурасы шаршембиде 31 градуска чейин көтөрүлөт.
Улуттук филармония - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2023
Улуттук филармония Ош шаарына гастролго барып концерт тартуулайт
Жаңылыктар түрмөгү
0