Беш-Күнгөйдө легендарлуу учкуч Ысмайыл Таранчиев менен Алексей Ткачев эскерилди

© Sputnik / Аяна БайтемироваБүгүн, 3-майда, Советтер Союзунун Баатыры, легендарлуу учкуч Ысмайылбек Таранчиевдин 100 жылдыгына карата жана аны менен бир учакта курман болгон Алексей Ткачевди эскерүү иш-чарасы өттү
Бүгүн, 3-майда, Советтер Союзунун Баатыры, легендарлуу учкуч Ысмайылбек Таранчиевдин 100 жылдыгына карата жана аны менен бир учакта курман болгон Алексей Ткачевди эскерүү иш-чарасы өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2023
Жазылуу
Таранчиев учагын май куюу үчүн токтоп турган душмандардын танкаларына буруп жардырган.
БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Бүгүн, 3-майда, Советтер Союзунун Баатыры, легендарлуу учкуч Ысмайылбек Таранчиевдин 100 жылдыгына карата жана аны менен бир учакта курман болгон Алексей Ткачевди эскерүү иш-чарасы өттү.
Алгач аза мүнөтү жарыяланып, асманга үч ирет ок атылган соң куран окулду. Иш-чара Беш-Күнгөй айылындагы Ысмайылбек Таранчиев атындагы мектепте уюштурулган. Ага баатырлардын жакындары, дин өкүлдөрү, ЖККУнун "Кант" авиабазасынын кызматкерлери, окуучулар жана аткаминерлер катышты.
© Sputnik / Аяна Байтемирова

Бүгүн, 3-майда, Советтер Союзунун Баатыры, легендарлуу учкуч Ысмайылбек Таранчиевдин 100 жылдыгына карата жана аны менен бир учакта курман болгон Алексей Ткачевди эскерүү иш-чарасы өттү

Бүгүн, 3-майда, Советтер Союзунун Баатыры, легендарлуу учкуч Ысмайылбек Таранчиевдин 100 жылдыгына карата жана аны менен бир учакта курман болгон Алексей Ткачевди эскерүү иш-чарасы өттү - Sputnik Кыргызстан
1/4

Бүгүн, 3-майда, Советтер Союзунун Баатыры, легендарлуу учкуч Ысмайылбек Таранчиевдин 100 жылдыгына карата жана аны менен бир учакта курман болгон Алексей Ткачевди эскерүү иш-чарасы өттү

© Sputnik / Аяна Байтемирова

Алгач аза мүнөтү жарыяланып, асманга үч ирет ок атылган соң куран окулду

Алгач аза мүнөтү жарыяланып, асманга үч ирет ок атылган соң куран окулду - Sputnik Кыргызстан
2/4

Алгач аза мүнөтү жарыяланып, асманга үч ирет ок атылган соң куран окулду

© Sputnik / Аяна Байтемирова

Иш-чара Беш-Күнгөй айылындагы Ысмайылбек Таранчиев атындагы мектепте уюштурулган

Иш-чара Беш-Күнгөй айылындагы Ысмайылбек Таранчиев атындагы мектепте уюштурулган - Sputnik Кыргызстан
3/4

Иш-чара Беш-Күнгөй айылындагы Ысмайылбек Таранчиев атындагы мектепте уюштурулган

© Sputnik / Аяна Байтемирова

Ага баатырлардын жакындары, дин өкүлдөрү, ЖККУнун "Кант" авиабазасынын кызматкерлери, окуучулар жана аткаминерлер катышты.

Ага баатырлардын жакындары, дин өкүлдөрү, ЖККУнун "Кант" авиабазасынын кызматкерлери, окуучулар жана аткаминерлер катышты. - Sputnik Кыргызстан
4/4

Ага баатырлардын жакындары, дин өкүлдөрү, ЖККУнун "Кант" авиабазасынын кызматкерлери, окуучулар жана аткаминерлер катышты.

1/4

Бүгүн, 3-майда, Советтер Союзунун Баатыры, легендарлуу учкуч Ысмайылбек Таранчиевдин 100 жылдыгына карата жана аны менен бир учакта курман болгон Алексей Ткачевди эскерүү иш-чарасы өттү

2/4

Алгач аза мүнөтү жарыяланып, асманга үч ирет ок атылган соң куран окулду

3/4

Иш-чара Беш-Күнгөй айылындагы Ысмайылбек Таранчиев атындагы мектепте уюштурулган

4/4

Ага баатырлардын жакындары, дин өкүлдөрү, ЖККУнун "Кант" авиабазасынын кызматкерлери, окуучулар жана аткаминерлер катышты.

Баатырдын жээни Жекшенбай Таранчиев төмөнкүлөрдү эскерди.
"1964-жылы эшиктин алдына журналист аял келди. "Где живет Исмаил?" деп сураганынан таятама которуп бердим. "Балаңар учкуч болуп баатырларча Эстонияда курман болду" дегенде таятам аябай ыйлады. "Уулумдун сөөгү табылбай калды, куран окулуп, аш берилбей калды" деген арманын айтты. Ошондон кийин маалыматтарды чогултуп, издеп баштадык. Назарбек Тунтеев деген тарыхчы Эстониядагы ошол учак түшкөн жерди тааптыр. 1988-жылы эжем, энемдер болуп барып, ошол жерге эстелик орнотуп келдик. Ал жерге барганда согуштун чыныгы каарын сезгендей болдум, ушунчалык чоң апаат болуптур. Таякемдин кылган эрдигинен таасирленип, мен да учкуч болгум келген. Бирок таятам сени да жогото албайм деп каршы болуп койду", — деди Таранчиев.
Анын айтымында, ошол кезде Ысмайылбек 21 жашта, Алексей 19 жашта болгон. Алар 1944-жылдын 18-мартында кезектеги аскердик тапшырманы аткарганы Ил-2 учагы менен асманга көтөрүлгөндө душмандын огу тийген. Жерге аман-эсен коноруна көзү жетпеген Таранчиев учагын май куюу үчүн токтоп турган душмандардын танкаларына буруп, жанындагы Алексейге "Секир!" деп буйрук берген. Бирок "мен акырына чейин сени менен болом, командир. Чогуу өлөбүз, тирүү колго түшпөйбүз" деген жооп алат. Жардыруунун натыйжасында немецтин алты танкасы жана үч бензин ташыгычы жок кылынган. Бул эрдиги үчүн ага Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.
Чоң атасын куттуктоого жетишпей калган небере... 9-майга карата ролик - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2023
Чоң атасын куттуктоого жетишпей калган небере... 9-майга карата ролик
Жаңылыктар түрмөгү
0