Акылбек Жапаров иш сапар менен Ташкент шаарына барды

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРАкылбек Жапаров иш сапар менен Ташкент шаарына барды
Акылбек Жапаров иш сапар менен Ташкент шаарына барды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Ташкент шаарына барды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
"Ал 27-апрелде Ташкентте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда өтүүчү жана дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнүн 2 500 өкүлүн чогулткан II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун ишине катышат", — деп айтылган маалыматта.
Жапаровдун Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов жана Өзбекстан президентинин администрациясынын жетекчиси Сардор Умурзаков менен жолугары кабарланды.
Ош шаарында Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театры оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2023
Өзбек өкмөтү каржылаган Бабур театры реконструкциядан кийин ачылды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0