https://sputnik.kg/20230425/oshto-futbol-mashyktyruuchusunun-soogu-tabyldy-1074718379.html
Ошто футбол машыктыруучусунун сөөгү эртең менен кабинетинен табылды
Ошто футбол машыктыруучусунун сөөгү эртең менен кабинетинен табылды
Sputnik Кыргызстан
Маркум 28 жашта болчу. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү жүрүп жатат. 25.04.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-04-25T11:01+0600
2023-04-25T11:01+0600
2023-04-25T11:01+0600
окуялар
ош
машыктыруучу
өлүм
милиция
териштирүү
https://sputnik.kg/img/101945/42/1019454278_634:412:5175:2966_1920x0_80_0_0_46acbedc8b2181812f8b7f671bfef87c.jpg
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Ош шаарында Асылбек Момунов атындагы футбол академиясынын машыктыруучусу Темирлан Бактыбек уулунун сөөгү кабинетинен табылды. Бул туурасында Ош ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.Ага ылайык, насаатчынын сөөгүн эртең менен иш бөлмөсүнөн академиянын медиги көргөн. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү жүрүп жатат.Ал эми Асылбек Момунов атындагы футбол академиясы социалдык баракчасына Бактыбек уулунун кокусунан жүрөгү токтоп калганын жазды.Машыктыруучу 28 жашта болчу, эмгек жамаатынын жана окуучуларынын арасында жогорку сый-урматка ээ экени айтылган. Ал машыктырган балдар ар дайым турнирлерге катышып, U-11 командасы жергиликтүү мелдештерде бир нече жолу жеңишке жеткен. Алсак, Бактыбек уулунун командасы Ташкент шаарындагы Facerak Cup эл аралык турниринин коло байгесин уткан. "Дордой" ассоциациясынын эл аралык турниринин жеңүүчүсү аталып, Алматыдагы Arystan Cup эл аралык мелдешине катышып келген.
https://sputnik.kg/20230406/bishkek-mejmankana-uch-kishinin-soogu-tabyldy-1074227953.html
ош
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101945/42/1019454278_576:0:5184:3456_1920x0_80_0_0_62e714837308acf2f32d5ed8a0a807c0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
окуялар, ош, машыктыруучу, өлүм, милиция, териштирүү
окуялар, ош, машыктыруучу, өлүм, милиция, териштирүү
Ошто футбол машыктыруучусунун сөөгү эртең менен кабинетинен табылды
Маркум 28 жашта болчу. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү жүрүп жатат.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Ош шаарында Асылбек Момунов атындагы футбол академиясынын машыктыруучусу Темирлан Бактыбек уулунун сөөгү кабинетинен табылды. Бул туурасында Ош ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, насаатчынын сөөгүн эртең менен иш бөлмөсүнөн академиянын медиги көргөн. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү жүрүп жатат.
Ал эми Асылбек Момунов атындагы футбол академиясы социалдык баракчасына Бактыбек уулунун кокусунан жүрөгү токтоп калганын жазды.
Машыктыруучу 28 жашта болчу, эмгек жамаатынын жана окуучуларынын арасында жогорку сый-урматка ээ экени айтылган. Ал машыктырган балдар ар дайым турнирлерге катышып, U-11 командасы жергиликтүү мелдештерде бир нече жолу жеңишке жеткен. Алсак, Бактыбек уулунун командасы Ташкент шаарындагы Facerak Cup эл аралык турниринин коло байгесин уткан. "Дордой" ассоциациясынын эл аралык турниринин жеңүүчүсү аталып, Алматыдагы Arystan Cup эл аралык мелдешине катышып келген.