Бир жумага карата Нарындагы аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековНарын облусундагы унаа жол. Архив
Нарын облусундагы унаа жол. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2023
Жазылуу
Бийик тоолуу райондордун жолдору тоңуп, тайгак болору айтылды.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги Нарында бир жуманын ичинде аба ырайы кандай өзгөрүп турарын айтып берди.
24-апрель жаан-чачынсыз болот. Ал эми эртеси көпчүлүк аймактарга жамгыр төгүп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт.
26-27-апрелде айрым жерлерде жамгыр жаайт.
Синоптиктер 28-апрелде күн ачык болуп, 29-апрелде күндүз айрым жерлерде жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөрүн айтышты.
30-апрелде күн кайрадан ачылат.
Бийик тоолуу райондордун жолдору тоңуп, тайгак болору айтылды.
Жайлоо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2023
Күн ачык болот. Таластын кийинки жумада болжолдонгон аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0