Шектүү буюмду ачпагыла, балага түшүндүргүлө! Милиция эскертип, кеңештерди берди

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүСумка. Архивдик сүрөт
Сумка. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2023
Жазылуу
Министрлик ата-энелерге кайрылып, көчөдөн же подъездден табылган ар кандай буюмдар кооптуу болушу ыктымалдыгын, муну жаш балдарга түшүндүрүүнү суранган.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Ички иштер министрлиги коопсуздук жаатынан карап, шектүү буюм таап алган учурда кандай чара көрүү керектигин айтып, бир нече кеңеш берди. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
Милициядан кооптуулукка кептеген буюмдар ар кыл жерлерде болушу мүмкүндүгүн эскертишкен.
Маселен, коомдук транспортто унутулуп калган же ээси жок буюм болсо кожоюнун аныктоого аракет кылып, такыр эле болбосо айдоочуга токтоосуз кабарлоону айтышты. Эгерде көп кабаттуу үйдүн тепкичтеринен таап алып, кошуналар да кимге таандык экенин билбесе, дароо милицияга чалууну эскертишти. Ал эми мекеме-ишкананын имаратынан шектүү буюм байкалса, дароо анын администрациясына же нөөмөтчүсүнө кайрылууну сунушташты.
ИИМден буюмдун сыртынан көрүп, ичинде эмне бар экенин билүүгө мүмкүн эместигин, андыктан кыраакы болууну эскертишти.
"Буюмдун сырткы көрүнүшү анын эмне максатта колдонуларын бурмалашы мүмкүн. Кол салгандар жардыргыч заттар үчүн камуфляж катары көбүнчө баштыктарды, таңгактарды, кутучаларды, жадагалса балдардын оюнчуктарын колдонушат", — деп айтылган билдирүүдө.
Министрлик өзгөчө ата-энелерге кайрылып, көчөдөн же подъездден табылган ар кандай буюмдар кооптуу болушу ыктымалдыгын, муну жаш балдарга түшүндүрүүнү жана ошол замат 102 номерине чалууну өтүнгөн.
Эң негизгиси, табылган буюмдарды ачып, кармалап, анын ичинде эмне бар экендигин билүү үчүн эч кандай аракет кылбаш керектигин баса белгилеп, эскертишкен.
Жогорудагы бардык учурларда төмөнкү жагдайларды эске алууну айтышты:
кандай гана учур болбосун, табылган нерсени ачууга же жылдырууга болбойт;
буюмдун кимге таандык экенин билүүгө аракет кылуу керек;
табылган нерсенин ээси жок болсо милицияга билдирүү шарт;
шектүү буюм тууралуу башкаларга эскертип жана ал жерден алыстап кетүүнү сурануу зарыл;
ыкчам-тергөө тобунун келишин күтүү керек.
Эске салсак, акыркы мезгилде мектептерге бомба коюлганы боюнча кооптондурган маалыматтар көбөйдү. Жакында эле Бишкек шаарындагы 10дон ашык билим жайына ушул тейдеги маалымат түшүп, окуучулар менен ал жерде иштегендер эвакуацияланган. Ал эми милиция жана атайын кызмат ал жактан жардыргыч заттардын табылган-табылбаганын айткан жок.
Мектепке кирип бара жаткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2023
Билим берүү жайларында коопсуздукту күчөтүү боюнча буйрук чыкты. Чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0